Парламентте Тогуз-Торо районуна автобекет куруу маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңеш Загрузка... 15 Апрель 2026 12:30
1454585.e9866e28c3c.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Парламентте Тогуз-Торо районуна автобекет куруу маселеси көтөрүлдү.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев белгилегендей, район тургундары Бишкекке келүү үчүн Түндүк–Түштүк альтернативдик жолу аркылуу 463 чакырымга жакын аралыкты басып өтүүгө аргасыз. Ошол эле учурда жүргүнчүлөрдү ташуу негизинен жеке таксилер тарабынан ишке ашырылып келет.

"Райондо автобекет жок. Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу Казарман айылынын жанынан автобекет куруу үчүн 42 сотых муниципалдык жер тилкеси бөлүнгөн", - деп билдирди Сыдыгалиев.