Ысык-Көлдү сактоо боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгуу сунушталды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 15 Апрель 2026 12:55
515252320_3470594026417105_2969067459652629884_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Табылды Муратбеков акыркы 10 жыл ичинде Ысык-Көлдүн суусунун деңгээли азайып жаткандыгын билдирди.

Анын айтымында, глобалдык жылуулук, мөңгүлөрдүн эриши жана өлкөдөгү суу ресурстарынын өзгөрүшү шартында жаратылыш сууларын жана мөңгүлөрдү сактоо маселеси өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда.

"Бул маселе боюнча "Ысык-Көлдү сактоо – 2035" бирдиктүү мамлекеттик программасын иштеп чыгууну сунуштайм. Ал программа көлдү сактоо, дарыялардан келген сууну көзөмөлдөө, ирригация маселелерин чечүү, ошондой эле дыйкандар үчүн тамчылатып сугаруу тутумун киргизүү чараларын камтышы керек", — деп белгиледи депутат.