Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышты. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “ВЭБ.РФ” мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясы менен Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ортосунда кызматташуу жана маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Форумдун алкагында Мээримбек Койчуманов Россиянын Удмурт Республикасынынын бизнес-делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Анда тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү перспективаларын, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле Кыргызстан менен Удмурттун ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ишкердик байланыштарды чыңдоого жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.