Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. Эң алды менен бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин маяналарын жогорулатуунун үстүндө иш алып баруудабыз. Үстүбүздөгү айдын соңунда мугалимдер менен дарыгерлер, маданият жана спорт кызматкерлери 100 пайыз көбөйтүлгөн эмгек акыларын алышат. Бул тууралуу Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Өлкө башчысынын айтымында, Кыргызстан дүйнөлүк экономикалык өзгөрүүлөргө жараша калктын кирешесин жогорулатуу боюнча системалуу иш жүргүзүүгө аракеттенип келет.
Өлкөнүн пенсиялык системасында дагы ырааттуу өсүү бар. Бүгүнкү күндө алардын 95 пайызы жашоо минимумунан жогору пенсия алышат.
Биз муну менен эле элдин айлык акыларын, пенсияларды көтөрүп салдык деп, төш кагып отуруп калганыбыз жок. Себеби кымбатчылык деген нерсе бар, ар кайсы өлкөлөрдөгү согуштардын себептеринен улам, дүйнө жүзү боюнча баалар күн сайын өсүүдө.
Ошондуктан айлык акыларды, пенсияларды жана социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу бүгүнкү күндө башкы максат бойдон калып жаткандыктан, биз бюджетибизде кандай мүмкүнчүлүк боло калса эле, айлык акылардын, пенсиянын көлөмүн жогорулатып жатабыз.
Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин эмгек акыларын дагы көбөйтөлү деп жатабыз”, — деди президент.