Президент: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу Евразиядагы транспорттук архитектуранын ажырагыс бөлүгүнө айланат

Президент Загрузка... 12 Июнь 2026 13:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 12-июнда, Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий сапар менен өлкөгө келген Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Грузияны өз ара ишенимге, урматтоого жана узак мөөнөттүү кызматташтыкка негизделген маанилүү өнөктөш катары эсептей турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров азыркы расмий сапар грузин тараптын Кыргызстанга эң жогорку деңгээлдеги жасаган алгачкы расмий сапары экендигин өзгөчө белгилеп, кыргыз-грузин мамилелеринин тарыхындагы жаңы этаптын башталышы катары баалады.

Тараптар саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорт-логистикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташууну камтыган эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулашты.

Мамлекет башчысы Грузиянын премьер-министринин сапары кыргыз-грузин мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берерине жана конкреттүү иш жүзүндөгү жыйынтыктарга жетишүүгө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Эки өлкөнүн ортосундагы саясий байланыштарды жандандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Соода-экономикалык чөйрөдө акыркы жылдары эки жактуу товар жүгүртүүнүн оң динамикасы байкалды. Ошол эле учурда тараптар ишке ашырыла элек потенциал бар экендигин баса белгилеп, экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экендигин тастыкташты.

Өзгөчө көңүл эки мамлекеттин транспорттук байланышы жана транзиттик потенциалын өнүктүрүү маселелерине бурулду.

Президент Садыр Жапаров Грузия уникалдуу географиялык абалы жана Кара деңиздеги өнүккөн порттук инфраструктурасы менен Азия менен Европанын ортосундагы транспорттук байланышты камсыздоодо маанилүү роль ойногондугун айтты. Буга байланыштуу эки өлкөнүн транспорт жана логистика тармагындагы өз ара аракеттенүүсү өзгөчө мааниге ээ.

“Атап айтканда, 2024-жылдын июнь айында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюга жетиштик. Аталган долбоорду ишке ашырууга 9 миң жумушчу жана 6 миңден ашуун техника тартылды. Бул долбоор аймактагы эң маанилүү инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп, Евразия мейкиндигиндеги заманбап транспорттук архитектуранын ажырагыс бөлүгүнө айланат”, - деп билдирди президент.

Мамлекет башчысы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу региондогу негизги инфраструктуралык долбоорлордун бири жана эл аралык транспорттук коридорлордун маанилүү элементи болорун баса белгиледи. Анын айтымында, долбоор аяктагандан кийин Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн жана андан ары Грузиянын деңиз портторуна кеткен маршруттар боюнча жүк ташуунун көлөмү бир нече эсе көбөйөт, бул соода-экономикалык байланыштарды бекемдөөгө, транзиттик потенциалды өнүктүрүүгө жана Евразиянын транспорттук маршруттарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе соода-экономикалык, айыл чарба, туризм, маданият, спорт, экология жана өз ара кызыкчылык туудурган башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана кеңейтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Ираклий Кобахидзе Садыр Жапаровду Грузияга расмий сапары менен чакырды. Мамлекет башчысы чакырууну кабыл алды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен тараптар кыргыз-грузин кызматташтыгын мындан ары чыңдоого, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө болгон өз ара кызыкчылыгын тастыкташты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жетишилген макулдашуулар өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.