Президент: Кыргызстан менен Грузия кызматташуунун жаңы этабын баштап жатат

Президент Загрузка... 12 Июнь 2026 13:18
719051552_1583148953819733_3881155755410146596_n.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.06.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен жолугушуу учурунда Кыргызстан Грузияны өз ара ишенимге, урматтоого жана узак мөөнөттүү кызматташтыкка негизделген маанилүү өнөктөш катары эсептей турганын баса белгиледи. Ошондой эле ал бул расмий сапарды кыргыз-грузин мамилелеринин тарыхындагы жаңы этаптын башталышы катары баалады.

“Биз бүгүн саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорт-логистикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташууну камтыган эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди талкууладык. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы саясий байланыштарды жандандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Соода-экономикалык чөйрөдө акыркы жылдары эки жактуу товар жүгүртүүнүн оң динамикасы байкалды. Эки өлкө экономикалык кызматташтыкты дагы да тереңдетүүгө, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр.
Андан сырткары, эки мамлекеттин транспорт жана логистика тармагындагы өз ара аракеттенүүсү өзгөчө мааниге ээ.
Атап айтканда, 2024-жылдын июнь айында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюга жетиштик. Аталган долбоорду ишке ашырууга 9 миң жумушчу жана 6 миңден ашуун техника тартылды. Бул долбоор аймактагы эң маанилүү инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп, Евразия мейкиндигиндеги заманбап транспорттук архитектуранын ажырагыс бөлүгүнө айланат”, - деп билдирди Жапаров.