Президент мыйзамсыз аракеттерге реакция кылууга милдеттүү – Кулов

Пикир Загрузка... 13 Февраль 2026 14:30
ce38ba279d8ce73045c8e492d373c44d_XL.jpg
copyright icon WWW

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров экономикада, уюшкан кылмыштуулук жана паракорлук менен күрөштө чоң ийгиликтерге чогуу жетишкен үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевдин ысымы жабыр тартпагыдай кадамга барды. Мындай пикирин саясатчы Феликс Кулов билдирди.

Саясатчынын айтымында, акыркы күндөрү орун алган окуялардын себеби тереңдеп жатат.

“Алгач президенттин өткөн жылдын декабрындагы Элдик курултайда айткан сөзүнө кайрылсак. Анда мамлекет башчы Улуттук коопсуздук, укук коргоо органдарын паракорлук менен эффективдүү күрөшүп, мамлекетке кайтарган каражаттар үчүн мактоого алганы маалым. Ошол эле убакта, президент жер-жерлерде айрым кызматкерлер чектен ашып жатканы боюнча маалыматы бар экенин белгилеп, ар бир факт боюнча чечим кабыл аларын жана таза иштеген ишкерлерди коргой турганын билдирген.

Натыйжада айрым кызматкерлер кооптонуп УКМК төрагасына билгизбестен оюн уюштуруп, эки ача пикир жаратууга аракет кылышты деп ойлойм. Анын бир жолу катары президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү темасын колдонушу мүмкүн.

Мен мөөнөтүнөн мурда шайлоого караманча каршы чыккам. Юридикалык позициядан да, саясий позициядан да туура эмес деп ойлойм. Тилекке каршы, аракеттер уланып аксакалдар тобу тарабынан кат даярдалып, аны Ташиевге билдирбестен жарыялап жиберишти.

Мындай мыйзамсыз иштер башталганын көргөн соң президент реакция кылууга милдеттүү. Ошондуктан кескин чараларга бара турганын Камчыбек Кыдыршаевичке айтып эскерткен. УКМК төрагасына шылтап коюшпасын деп аны кызматтан бошотту. Ага улай таза иштебеген кызматкерлерди кетирүү үчүн УКМКнын түзүмүн өзгөрттү.

Президент мамлекеттик ишти аткарды. Мындай кадам менен өлкө башчы досунун, экономикада, уюшкан кылмыштуулук жана паракорлук менен күрөштө чоң ийгиликтерге чогуу жетишкен үзөңгүлөшүнүн жүзүн сактап калды, анын ысымы жабыр тартпагыдай кадамга барды деп ойлойм. Менимче президент туура кылды.

Ал эми коррупция, уюшкан кылмыштуулук менен күрөш боюнча кооптонуулар болбошу керек. Президент күрөш бир мүнөткө да токтобой, аеосуз уланарын Элдик курултайда да баса белгилеген. Ошол эле убакта, Садыр Жапаров баары мыйзам негизинде болуусу керектигин айткан. Эгер кимдир бирөөгө карата туура эмес иштер болсо, аларды сот мыйзам чегинде чечиши керек”, - деген пикирде саясатчы Феликс Кулов.

Эске салсак, мамлекет башчы “Кабар” агенттигине берген маегинде УКМК төрагасынын кызматтан бошотулуусу боюнча түшүндүрмө берди. Анда өлкө башчысы мамлекет элге кызмат кылууда мыйзамды баарынан жогору коёрун эскертти.