Президент ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарууну тапшырды

Президент Загрузка... 03 Апрель 2026 15:40
photo_5368529990258988325_y (1).jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде “Дастан” трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчысы бул уникалдуу заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун, анын ичинде атайын продукцияларды чыгаруу боюнча иштеп жаткан линияларын көрүп чыкты.

Иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишкананын жетекчилигине ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарып баштоону уюштуруу маселесин тапшырды.