Психиатриялык ооруканаларда бейтаптардын укугун коргоону күчөтүү маселеси көтөрүлдү

Коом Загрузка... 22 Июль 2026 12:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканада жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында бир катар көйгөйлөр аныкталды.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, дарылоо мөөнөтү аяктаганына карабастан 57 бейтап ооруканада калууда. Алардын 39у үч айдан ашык, ал эми 18и беш жылдан бери чыгарылбай келет. Буга психоневрологиялык интернаттардын жетишсиздиги жана айрым бейтаптардын бара турган жери жоктугу себеп болуп жатканы белгиленди.

Белгиленгендей, мажбурлап дарыланган бейтаптарды жайгаштыруудагы коопсуздук талаптарынын бузулушу, ички коопсуздук чараларынын жетишсиздиги, ошондой эле дарыгерлердин жана башка медициналык кызматкерлердин тартыштыгы да аныкталган.

"Жыйынтыгында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева министрлер кабинетине аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча сунуштама жөнөттү. Анда соттолгон адамдар үчүн өзүнчө психиатриялык мекеме куруу, психиатриялык жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү жана медицина кызматкерлерин Стамбул протоколу боюнча үзгүлтүксүз окутуу сунушталды",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мониторингдин жыйынтыгы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйынында каралып, аткарууга алынганы маалымдалды.