Психикалык оорулардын жазында күчөшү: Адистин агрессия тууралуу маеги

Маек Загрузка... 09 Апрель 2026 12:50
720x405.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
copyright icon WWW

Республикалык психикалык ден соолук борборунун психиатр дарыгери Алтынай Сыдыкбекова “Кабар” агенттигине калктын психикалык ден соолугу, коомдогу агрессиянын өсүшүнүн себептери жана психикалык ооруларды дарылоонун жана алдын алуунун ыкмалары тууралуу айтып берди.

Алтынай Аскарбековна, психикалык оорулар менен каттоодо турган канча адам бар? Акыркы жылдары мындай оорулар көбөйүүдө деп айтууга болобу?

— Бүгүнкү күндө Республикалык психиатрия жана наркология борборунда жалпы 52 миң 107 адам каттоодо турат. Анын ичинен аялдардын саны 21 миң 497, эркектер 30 миң 610у, өспүрүмдөр 2 371 жана балдар 6 311 деп саналат.

Акыркы жылдары психикалык оорулардын саны өстүбү деген суроого келсек, негизинен статистикалык жактан андай өсүш байкалбайт. Болгону невроз оорусу менен кайрылган бейтаптардын саны көбөйдү. Бул балким, коомчулуктун психиатрга кайрылууга болгон мамилеси өзгөрүп, адамдар мурдагыдай коркпой, консультацияга келе баштаганы менен байланыштуу болсо керек.

Адамдарда агрессиянын көбөйүшүн эмне менен байланыштырасыз? Буга кандай факторлор таасир этет жана анын деңгээлин төмөндөтүү үчүн кандай чаралар керек?

— Коомдогу агрессивдүүлүктүн өсүшү, менимче, эң оболу экономикалык, саясий жана социалдык шарттар сыяктуу терс факторлор менен байланыштуу. Бул көрүнүш бир гана өлкөдө эмес, дүйнө жүзүндө байкалууда. Биздин коом да глобалдык процесстерден четте калган жок.

Экинчиден, бул ар бир адамдын жеке турмушундагы жумушсуздук, жакын адамынан айрылуу, ар кандай кырсыктар жана адам даяр эмес болгон оор кырдаалдарга байланыштуу.

Биз азыр маалымат технологиялары өнүккөн доордо жашап жатабыз жана көп нерсе маалымат кандай берилип жатканына көз каранды. Акыркы убактарда терс маалыматтар көбөйүп, позитивдүү жаңылыктар азайып кетти. Коомчулук жандуу организм катары мунун баарына реакция кылат, натыйжада адамдар өнөкөт стресс абалында жашап калышат.

Мындан тышкары, мурда цензура сыяктуу, жаш куракка жараша чектөөлөр бар эле. Азыр интернетте дээрлик бардык нерсе жеткиликтүү болуп калды. Бул жерде адам эмнени көрүп жатканы чоң роль ойнойт. Үй-бүлө жана мамлекет тарабынан көзөмөл да алсырады. Ошол эле учурда коллективизм, бири-бирин колдоо сыяктуу баалуулуктар акырындап жоголуп баратат.

Биз материалдык баалуулуктар көбүрөк жайылтылып, ал эми достук, жолдоштук, сүйүү сыяктуу руханий баалуулуктар экинчи планга жылып кеткен керектөө доорунда жашап жатабыз.

Ошондуктан мамлекет жана үй-бүлө деңгээлинде бирдиктүү баалуулуктар системасын калыптандыруу зарыл. Бул баалуулуктарды бала кезден тарбиялоо маанилүү. Ошондой эле каада-салттарды сактоо керек. Кыргыз эли илгертен эле боорукердиги, меймандостугу жана сабырдуулугу менен айырмаланып келген. Тилекке каршы, азыр агрессивдүү көрүнүштөр көбөйүп жатканын көрүп жатабыз.

Мындай шартта жакшылыктын, бири-бирин колдоонун, адамдарга жардам берүү жана жаныбарларга аяр мамиле жасоонун мисалдарын көбүрөк көрсөтүү, коомдо жылуу жана жакшы мамилелерди өнүктүрүү абдан маанилүү.

— Психикалык оорулар тукум кууйбу? Эгер ошондой болсо, кийинки муунда пайда болуу ыктымалдыгы канчалык?

— Ооба, психикалык оорулардын тукум куучулук фактору бар. Мындай ооруларга шизофрения, психоз, биполярдык бузулуу, аутизм, эпилепсия, деменция жана Альцгеймер оорусу кирет. Эгерде тукумда мындай оорулар кездешсе, анда алардын ген аркылуу кийинки муунда да пайда болуу ыктымалдыгы жогору болот. Туугандык байланыш канчалык жакын болсо, тобокелдик ошончолук жогору, ал эми алысырак болсо - тобокелдик төмөнүрөк болот.

— Психикалык ден соолукка байланышкан көйгөйлөрдү чечүү үчүн кандай кадамдар жасалышы керек?

— Мамлекет жана коом деңгээлинде эң оболу психикалык ооруларга байланышкан терс көз карашты (стигманы) жоюу зарыл. Психиатрга кайрылуудан же медициналык каттоодон коркпош керек. Психикалык оорулар башка оорулар сыяктуу эле кадимки илдеттер.

Мындан тышкары, адеп-ахлактык баалуулуктарды жогорулатуу, бири-бирине урмат-сый жана жакшы мамиле кылуу, сабырдуулукту жана колдоону өнүктүрүү абдан маанилүү. Мисалы, мектептерде буллинг кеңири кездешет. Эгерде алсызырак бала пайда болсо, көп учурда ал четке кагылып калат. Бул агрессивдүүлүктүн жана өзүн көрсөтүүгө болгон умтулуунун натыйжасы. Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу жана аларды өз убагында чечүү зарыл. Адам кандай болсо, ошондой болууга укуктуу.

Ошондой эле билим берүүчү программалар, семинарлар жана окутуу курстар керек. Тынчсыздануу учурунда дем алуу көнүгүүлөрү жана денеге багытталган практикалар сыяктуу жөнөкөй ыкмалар жакшы жыйынтык берет. Бул иштердин бардыгы мамлекеттик деңгээлде системалуу түрдө жүргүзүлүшү керек.

— Бүгүнкү күндө психиатриялык ооруканалардагы бейтаптар кандай шартта дарыланып жатышат? Алардын дарылануусуна жана реабилитациясына жетиштүү деңгээлде көңүл бурулуудабы?

— Жалпысынан шарттарды орточо канааттандырарлык деп бааласа болот. Мен Республикалык психикалык ден соолук борборунда иштейм. Ооруканада абал өтө начар деп айтууга болбойт. Жакында бөлүмдөрдө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, эмеректер жаңыланды. Айрым бөлүмдөрдө болсо оңдоп-түзөө иштери пландалууда.

Психиатриялык кызматты мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүү боюнча программалар ишке ашырылып жатат. Чым-Коргон жана Кызыл-Жар ооруканаларында оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү пландалууда. Психиатрия тармагында реформалар жүрүп, келечекке багытталган пландар бар.

Ошол эле учурда реабилитациялык борборлорго көбүрөк муктаждык бар. Азыркы учурда мындай мамлекеттик деңгээлдеги мекемелер дээрлик жокко эсе. Ооруканадан чыккандан кийин бейтаптын үй шарттарына жакын чөйрөдө реабилитациядан өтүүсү абдан маанилүү.

— Писхикалык оорулар жазында күчөйт деп коюшат. Ал чындыкка канчалык дал келет жана эмнеден пайда болот?

— “Оорулардын жазында күчөшү” - бул илимий термин эмес, күнүмдүк турмушта колдонулган сөз. Оору жылдын ар кандай мезгилинде күчөшү мүмкүн. Бирок, чындыгында жазында ден соолуктун начарлашы көбүрөөк байкалат. Бул организмдин кыштан кийин алсырап калышы, күн узактыгынын өзгөрүшү жана дененин табигый күн-түн ритминин бузулушу менен байланыштуу.

Адамдарда уйкусуздук, маанайдын төмөндөшү, депрессиялык абал пайда болушу мүмкүн. Айрыкча туруктуу стрессте жүргөндөр буга көп дуушар болушат. Мындан тышкары, жеке өзгөчөлүктөр, стресске туруштук берүү жөндөмү жана тукум куучулук да маанилүү роль ойнойт.

Жыйынтыктап айтканда, Алтынай Сыдыкбекова психикалык ден соолук адам менен коомдун жалпы бакубаттуулугун негизги түзүүчү экенин баса белгиледи. Анын айтымында, агрессияны азайтуу, терс көз караштарды (стигманы) жеңүү жана саламат жана камкор чөйрөнү түзүү үчүн мамлекеттин, үй-бүлөнүн жана ар бир адамдын биргелешкен аракеттери өтө маанилүү.