Өркөчтүү киттер океанда 15 миң чакырымдан ашык сүзүп өткөнү аныкталды

Дүйнө Загрузка... 21 Май 2026 10:25
WhatsApp Image 2026-05-21 at 09.14.54.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.05.26 /Кабар/. Эл аралык окумуштуулар тобу өркөчтүү киттер Австралия менен Бразилиянын ортосунда 14 миң чакырымдан ашык аралыкты сүзүп өткөнүн биринчи жолу расмий тастыктады. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт.

Изилдөөчүлөр ар кайсы жылдары Австралиянын жана Бразилиянын жээгинде байкалган эки китти аныкташкан. Бул үчүн акыркы 40 жыл ичинде тартылган куйрук сүзгүчтөрүнүн сүрөттөрү салыштырылган.

Киттердин бири Австралиядагы Херви-Бей булуңунда 2007 жана 2013-жылдары байкалган. Кийин 2019-жылы ал Бразилиянын Сан-Паулу штатынын жээгинен кайра табылган. Окумуштуулардын эсебинде, ал кеминде 14 миң 200 чакырым аралыкты сүзүп өткөн.

Экинчи кит биринчи жолу 2003-жылы Бразилиянын жээгинде катталган. Андан 20 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин, 2025-жылы Австралиянын жээгинен байкалган. Анын маршруту болжол менен 15 миң 100 чакырымды түзгөн. Бул бир эле өркөчтүү кит боюнча катталган эң узак аралык болуп эсептелет.

Изилдөөнүн авторлорунун бири Стефани Стэк киттер ар башка убакта жана дүйнөнүн эки башка бөлүгүндө сүрөткө тартылганына карабай, алардын кыймылын аныктоого мүмкүн болгонун айтты.

Окумуштуулар мындай узак миграциялар өтө сейрек кездешерин белгилешет. Бирок бул киттердин ар башка популяцияларынын аралашуусуна жана жаңы миграциялык жолдордун пайда болушуна жардам берет.

Адистер климаттын өзгөрүшү, деңиз муздарынын жылышы мындай алыскы сапарлардын көбөйүшүнө таасир этиши мүмкүн экенин айтышууда.