Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Робот Пекинде өткөн жарым марафондо дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, Кытайдын борборунда адамдарды жана роботторду бириктирген жарыш боюнча жарым марафон өттү. "Чагылган" деп аталган робот мара сызыгын биринчи болуп 21 км аралыкты 50 мүнөт 26 секундда басып өттү. Бул убакыт 2025-жылы угандалык Жейкоб Киплимонун койгон дүйнөлүк рекордунан алты мүнөткө алдыда. Гуманоид Shenzhen Honor Smart Technology компаниясы тарабынан иштелип чыккан.
Роботтор арасындагы күмүш (50 мин 56 сек) жана коло медалдын (53:01) ээлери да аныкталды.
Жарыш технология менен адамдардын физикалык мүмкүнчүлүктөрүн ачык көрсөттү. Бул мелдеште эркектер арасында көрсөткүч 1 саат 7 мүнөт 47 секунд, ал эми аялдар арасында 1 саат 18 мүнөт 6 секунд болду. Жеңүүчү робот марафондогу эң мыкты жөө күлүктөрдү 15 мүнөттөн ашык убакытка артка калтырды. Бул сезондо мелдештин масштабы беш эсеге көбөйүп, 100дөн ашык инженердик топ жана 12 миң жөө күлүк катышты. Ошондой эле беш чет өлкөдөн келген ойлоп табуучулар да келишти. Бул жылы катышуучулардын технологиялык деңгээли бир топ жогорулаганы байкалган. Роботтордун дээрлик 40% операторсуз эле автономдуу навигацияны колдонушту. Уюштуруучулар эң мыкты дизайн жана энергияны үнөмдөө үчүн сыйлыктарды кошушту.