Россияда газ өндүрүү февралда 12%га өстү

Дүйнө Загрузка... 26 Март 2026 09:05
0450f7bb-9405-42a2-89cb-9c782dc08957.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Россияда газ өндүрүү февралда 12%га өстү. Бул тууралуу Интерфакс Росстаттын маалыматына таянып жазды.

Ага ылайык, 2026-жылдын февраль айында Россияда жаратылыш газын өндүрүү 62,1 млрд куб метрди түздү, бул өткөн жылдын деңгээлинен (55,653 млрд куб метр) 12% жогору.

Россия 2025-жылы 663 млрд куб метр газ, ал эми 2024-жылы 685 млрд куб метр газ өндүргөн.

Учурдагы орто мөөнөттүү макроэкономикалык божомолго караганда, 2026-жылы өндүрүш 690 млрд куб метрге жетет деп пландалууда.