Россиялык ири импорттоочу Кыргызстандын мөмө-жемиш тармагына кызыгууда

Экономика Загрузка... 22 Апрель 2026 11:50
WhatsApp Image 2026-04-21 at 17.16.41 (1).jpeg
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде мөмө-жемиштин ири импорттоочусу - Россиянын "Ягодный союз" бирикмесинин башкы директору Игорь Бугорский менен жолугушуу өттү.

Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушууда кыргыз мөмө-жемиш багбанчылыгын өнүктүрүү жана тармактын экспорттук мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Тараптар экспортко багытталган жогорку суроо-талаптагы алчанын жаңы сортторун өстүрүү, мөмө-жемишти туруктуу жеткирүүнү калыптандыруу, агротехнологияны киргизүү жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин карашты. 

"Ягодный союз" сапаттуу көчөттөр менен камсыздоо, фермерлер менен  агрономдорду заманбап агротехнологияга окутуу, мөмө-жемиш тармагына методикалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.  

Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүп, мөмө-жемиш багбанчылыгы боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин ырасташты.

Белгилей кетсек, Россияда мөмө-жемишке суроо-талаптын  жогорулугу тоңдурулган мөмө-жемишти экспорттоого өбөлгө түзөт.

"Ягодный союз" багбандарды, технологдорду жана логистикалык компанияларды камтыган 120дан ашык уюмду бириктирет. Бул уюм Россиянын мөмө-жемиш рыногунда жана агротехнологияларда маанилүү ролду ойнойт.