Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 5-июнда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапары менен келген Беларусь премьер-министри Александр Турчинди кабыл алды.
Мамлекет башчысы Александр Турчиндин сапары кыргыз-беларусь кызматташтыгынын ырааттуу өнүгүп жаткандыгынын жана эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди мындан ары чыңдоого болгон жалпы умтулуусунун маанилүү далили экенин белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономика, өнөр жай, энергетика, айыл чарба, тоо-кен иштетүү жана туризм тармактарында кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Беларусь менен кызматташтыкты кеңейтүүгө, анын ичинде биргелешкен ишканаларды түзүү, өндүрүштү локалдаштыруу жана заманбап технологияларды тартуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин баса белгиледи.
Премьер-министр Александр Турчин Беларусь президенти Александр Лукашенко жолдогон саламын жана жакшы каалоо тилектерин жеткирип, ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин курамына шайланышы менен куттуктады.
“Бул, албетте, кыргыз дипломатиясынын ийгилиги жана дүйнөлүк коомчулуктун жогорку ишениминин далили”, - деп баса белгиледи Александр Турчин.
Тараптар жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруунун жана 2030-жылга чейин соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасын өз убагында аткаруунун зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даярдык тастыкталды.
Соңунда мамлекет башчысы кесиптеши Александр Лукашенкого жылуу салам жолдоп, Беларусь президентинин ШКУ саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуусун чыдамсыздык менен күтөрүн айтты.
Ошондой эле президент Садыр Жапаров Александр Турчиндин сапарынын жыйынтыктары Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы достук жана өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.