Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады

Президент Загрузка... 09 Май 2026 10:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.05.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Улуу Ата Мекендик согуштун кымбаттуу ардагерлери жана ооруктун кадырман эмгекчилери!
Урматтуу мекендештер жана ардактуу меймандар!

Биз бүгүн, салт болуп калгандай, тарыхый, моралдык жана руханий мааниге ээ 9-май — Улуу Жеңиш күнүн белгилеп олтурабыз. Бул күн бир эле учурда майрам, ошол эле маалда эскерүү күнү.

Себеби бул күн – миллиондогон адамдардын, анын ичинде жүз миңдеген биздин аталарыбыздын, апаларыбыздын өмүрү менен келген Улуу Жеңиш күнү. Ал ар дайым тынчтыктын кымбаттыгын, аза менен сыймыктын айкалышын эске салып турат.
Демек, 9-май — бул жөн гана тарыхый дата эмес, жалпы элдин эс тутуму.

Улуу Жеңиштин дагы бир өзгөчөлүгү, бул жерде турган ар бир мекендешибиздин жеке тарыхына байланыштуу болгонунда. Бүгүнкү иш-чарага катышып олтургандардын ар бири согушка катышкан, оорукта эмгектенген чоң ата-чоң энелеринин же башка урук-туугандарынын эрдиктерин, каармандыктарын эскерип, азанын да, сыймыктын да көз жашы менен турушат.

Мындай учурда эркиндик үчүн өмүрүн арнап, бизге Улуу Жеңишти тартуулаган улуу муунга башымды ийип таазим кылуу менен бирге, жалпы мекендештеримди Жеңиш күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Ардактуу замандаштар!

1941–1945-жылдардагы кандуу согуш миллиондогон адамдардын өмүрүн алып, тынч жаткан ар бир кыргыз үй-бүлөсүнө каран түн салып, эсепсиз кайгы-капа алып келгенин жакшы билебиз. Ошол оор кезеңде кыргызстандыктар фронтто да, оорукта да болуп көрбөгөндөй эрдикти жана каармандыкты көрсөтүшүп, Улуу Жеңишке баа жеткис салым кошушкан. Миңдеген жоокерлерибиздин майдан талаасында эл-жери үчүн кан-жанын аябай курман болушканына, ооруктагы эмгекчилердин күнү-түнү тынбай иштеп, фронтту керектүү азык-түлүк, кийим-кече жана аскердик жабдуулар менен камсыз кылышканына карт тарых өзү күбө.

Бул кандуу согушка Кыргызстан 360 миңден ашуун эр-азаматын же өлкөбүздүн ар бир төртүнчү тургунун жөнөткөн!

Алар Европада, андан кийин Азияда да өрткечип, 2-Дүйнөлүк согуштун аякташына салым кошкондугун кошумчалай кетейин.
110 миңден ашуун мекендешибиз – Айкөл Манас атабыздын урпактары согуш талаасында ажалга тике карап, кийинки муундардын жаркын келечеги үчүн жанын берип, баатырларча курман болушкан. Бул сан Кыргызстан үчүн өтө оор демографиялык жоготуу болгон.

Алардын ысымдары Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында алтын тамгалар менен өлбөс-өчпөс болуп жазылып калды. Фашисттик баскынчыларга каршы салгылашууларда көрсөткөн эрдиги үчүн 150 миңден ашуун кыргызстандык орден-медалдар менен сыйланганын, 22 жердешибиз “Даңк” орденинин толук кавалери, 73 каарманыбыз “Советтер Союзунун Баатыры” деген ардактуу наамга ээ болушканын ар дайым сыймыктануу менен айтып келгенбиз, мындан ары да башыбызды бийик көтөрүп айта беребиз.

Согуш жылдарында оорукта эмгектенген кыргызстандыктар “Бардыгы фронт үчүн!” деген ураан алдында кары-жашы дебей күндөп-түндөп, бел чечпеген мээнети, бекем эрки, чегингис каармандыгы менен Улуу Жеңишти жакындатышкан. Алардын Мекенди коргоого кошкон салымы, көрсөткөн каармандыгы –кийинки муундарга бийик өрнөк!

Чындап келсе, биздин бүгүнкү бейпил турмушжана эркин жашообуз –дал ошол муундун чексиз кайратынын жана ченемсиз каармандыгынын натыйжасы. Алардын эрдиги менен мекенчилдиги бизге тарыхый мурас, улуттук сыймык жана келечек муундар үчүн түбөлүк үлгү болуп калат.

Тилекке каршы, бул каардуу согушка катышып, анын бардык кыйынчылыктарын, азап-муңун башынан өткөргөндөрдүн катары жылдан-жылга, күндөн-күнгө суюлуп барат. Бүгүн Кыргызстанда согуштун 7 гана ардагери, ооруктун 297 эмгекчиси Жеңиштин 81 жылдыгын майрамдоодо.

Кымбаттуу ардагерлер, оорук эмгекчилери!

Баарыбызга жакшы маалым, согуш — бул жоготуу, согуш – бул кайгы, көз жаш. Бирок ошол кан күйгөн күндөрдө да кайратыңыздардан жазбай, бири-бириңиздерге болгон бекем ишеним менен Жеңишти камсыз кылгансыздар. Сиздердин каармандыгыңыздар, чыдамкайлыгыңыздар жана Мекенге болгон чексиз сүйүүңүздөрдүн алдында башыбызды ийип, терең таазим кылабыз.

Биз сиздерге: ардагерлер менен оорук эмгекчилерине карыздарбыз. Эң ириде сиздердин эрдигиңиздерди унутпоону, мындан ары Мекенибиздеги тынчтыкты сактоону биздин ыйык милдетибиз жана бийик жоопкерчилигибиз деп билебиз.
Тагдырдын буйругу менен ар бириңиздер ошол оор тарыхтын тирүү күбөсү болдуңуздар. Сиздерге жеке өзүмдүн жана өлкөбүздүн бардык жарандарынын атынан терең ыраазычылык билдирем! Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр жана бакубат жашоо каалайм!

Урматтуу мекендештер!

Согуш кайгы менен жоготууларды гана алып келерин, ал эми тынчтык баа жеткис байлык экенин ошол эң каардуу жылдардан, ырайымсыз күндөрдөн улам билебиз. Ошол каргаша бүгүн да бүткүл адамзат үчүн чоң сабак болушу керек эле. Тилекке каршы, сабак болбой жатат. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө болуп жаткан согуштарда үч триллиондон ашуун каражат жумшалууда. Бул каражатты адамзаттын жаркын жашоосуна жумшасак кандай жакшы болоор эле. Жок дегенде жашыл жаратылышты коргоого жумшаганда дүйнө жүзү жапжашыл болуп турмак. Мына ошондуктан биз улуу жеңиштин сабактарын унутпай, тынчтыкты, ынтымакты жана биримдикти көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз. Биз үчүн жаркын келечек жана бейпил заман тартуулаган аталарыбыздын эрдиктерин улантып, ар бирибиз элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылууга аракеттенели.
Эгемен Кыргызстаныбыз мындан ары да туруктуу өнүгүү жолу менен алдыга карай ишенимдүү кадам таштап, эл аралык майданда тынчтыкты жана кызматташтыкты бекемдөөгө өз салымын кошо берет деп ишенем.

Ата Мекенибизде ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, элибиздин биримдиги бекем болсун.
Ар бир үйдө күлкү жаңырып, ар бир жүрөккө тынчтык орносун.
Дүйнө жүзүндө жана жергебизде согуш болбосун.

Улуу Жеңиш күнүңүздөр менен!”, - деп белгиледи өлкө башчысы.