Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушту

Президент Загрузка... 10 Апрель 2026 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош шаарынын тургундары жана активи менен жолугушту.

Мамлекет башчысынын жолугушууда сүйлөгөн сөзү:

“Урматтуу мекендештер!

Ордолуу Ош шаарынын ардактуу тургундары!

Биз жыл башында министрликтер жана жер-жерлердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен биргеликте өлкөбүздүн өткөн жылдагы
социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана келечекке карата пландары боюнча республикалык кеңешме өткөрүп, бир катар максат-милдеттерди алдыбызга койгонбуз.

Ортодо жаз майрамдарын өткөрүп алган соң, ошол койгон максаттарыбыз боюнча облустарда, райондордо жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге көңүл буруп, элет жериндеги тургундарыбыз менен көзмө-көз жолугушуп, ал-акыбал сурашууну туура таап, мына сиздердин алдыңыздарга келип отурабыз.

Алгач өлкөбүздүн социалдык-экономикалык жагдайына тиешелүү маселелерге бир аз токтоло кетейин.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясы 22,6 миллиард АКШ долларынан ашып, экономиканын көлөмү дээрлик үч эсеге көбөйдү.

Консолидацияланган бюджет 2025-жылы 1 триллион 100 миллиард сомдон ашты.

Салык беш жыл ичинде болжол менен төрт эсеге, бажы төлөмдөрү алты эсеге, салыктык эмес кирешелер дээрлик тогуз эсеге өстү.

Жыл сайын өсүп бараткан мындай көрсөткүчтөр – бул көп жылдар бою “көмүскө схемалар” өкүм сүрүп келген тармактарды тартипке келтиргенден жана мурда чөнтөккө түшүп турган коррупциялык схемаларды жок кылгандан улам жетишилген ийгиликтер болду.

Бюджетибиз толуп, мамлекетибиз финансылык жактан өз алдынчалыкка жетип, ири инфратүзүмдүк жана социалдык долбоорлорду тышкы колдоолорсуз, өз күчүбүз менен ишке ашыра ала турган деңгээлге жеттик.

Натыйжада реалдуу өзгөрүүлөр: жолдор, мектептер, ооруканалар, энергетикалык жана маданий объектилер курулду, ири өнөр жай жана инфратүзүмдүк долбоорлор ишке кирди, социалдык төлөмдөр көбөйдү.

Биз дүйнөлүк экономикалык өзгөрүүлөргө жараша калктын кирешесин жогорулатуу жаатында системалуу иш жүргүзгөнгө аракеттенип келебиз.

Эң алды менен бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин:

мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жана аскер кызматындагылардын маяналарын жогорулатуунун үстүндө иш алып баруудабыз.

Буюрса, мынакей үстүбүздөгү айдын соңунда мугалимдер менен дарыгерлер, маданият жана спорт кызматкерлери 100 пайыз көбөйтүлгөн эмгек акыларын алышат.

Өлкөнүн пенсиялык системасында дагы ырааттуу өсүү бар экенин кошумчалай кетейин.

Эгер 2021-жылы пенсионерлерибиздин 49 пайызы жашоо минимумунан төмөн пенсия алып келген болсо, бүгүнкү күндө алардын 95 пайызы жашоо минимумунан жогору пенсия алышат.

Биз муну менен эле элдин айлык акыларын, пенсияларды көтөрүп салдык деп, төш кагып отуруп калганыбыз жок.

Себеби, кымбатчылык деген нерсе бар, ар кайсы өлкөлөрдөгү согуштардын себептеринен улам, дүйнө жүзү боюнча баалар күн сайын өсүүдө.

Ошондуктан айлык акыларды, пенсияларды жана социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу бүгүнкү күндө башкы максат бойдон калып жаткандыктан, биз бюджетибизде кандай мүмкүнчүлүк боло калса эле, айлык акылардын, пенсиянын көлөмүн жогорулатып жатабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин эмгек акыларын дагы көбөйтөлү деп жатабыз.

Мындай иш-аракетибиздин бардыгы жер-жерлердеги мамлекеттик мекемелердин ишмердүүлүгү жакшырат деген тилекте жасалып жатканын баса белгилеп кетейин.

Мындан сырткары, социалдык колдоо жаатында көп балалуу үй-бүлөлөрдү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, жетим балдарды колдоо чаралары кеңейтилди.

Бүгүнкү күндө “Үй-бүлөгө көмөк”, “Балага сүйүнчү”, “Келечекке салым”, “Бала береке” долбоорлору ийгиликтүү иштеп жатат.

Эми эне менен баланы колдоо боюнча ушул жылдын 1-июлунан тарта үй-бүлөсүнүн кирешесине карабай, 3 жашка чейинки бардык балдарга 1200 сомдон “Бала ырыскысы” жөлөк пулу бериле баштайт.

Ушул жерден баса белгилеп айта кетүүчү жагдай, жетишилген ийгиликтердин баары эң алды өлкөбүздөгү, жети дубандагы саясий туруктуулуктун негизинде, мынакей сиздердин – жамы журтубуздун ынтымагынын аркасында жаралгандыгын баса белгилеп айта кетейин.

Чынында эле бир кездерде өлкөбүздө туруктуулук орносо экен деген тилек менен жашап калган болсок, биз бүгүн “өлкөнү өнүктүрөлү, өнүккөн мамлекеттерге теңтайлашалы, башкалардан кем болбойлу, буюрса дүйнөлүк бийиктикке чыгабыз” деген дем менен келечекке баратабыз.

Мына ушундай өнүгүү жолундагы биздин стратегиялык багытыбыз жер-жерлерде элибиздин жашоо сапатын жогорулатууга багытталган системаны ырааттуу калыптандыруу болуп саналат.

Ошондуктан, облус-райондорго иш сапарларды уюштуруу менен эл-журтубуздун жашоо деңгээлин көтөрүү жаатында иштерди көзөмөлдөп, эл менен баарлашууну максат кылып, алгач ордолуу Ош шаарынан баштап отурабыз.

Урматтуу Ош шаарынын жашоочулары!

Экинчи борбор шаарыбызды Ак-Буура дарыясы жок эч элестете албайбыз.

Ошондон улам, ордолуу Ош шаарынын символу болгон Ак-Буура дарыясына атайын каражат бөлүп, тазалоо, иретке келтирүү боюнча тапшырма берген элем.

Бул жолку сапарымды Ак-Буураны тазалоо иштери менен таанышуудан баштадым.

Абдан жакшы болуп тазаланып калыптыр.

Эми Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалынан азыноолак сөз кыла кетейин.

2025-жылы Ош шаарынын бюджети 3,4 млрд сом деп белгиленген болсо, жыл соңуна чейин республикалык бюджеттен дагы 6 млрд сомдон ашык каражат кошумча берилген.

2026-жылга шаар бюджети 5,2 млрд сом өлчөмүндө аныкталса, жыл соңуна чейин Ош шаарын өнүктүрүүгө дагы кошумча каражаттар каралат.

Ал эми “Капиталдык салымдар” боюнча өткөн жылы Ош шаарына 598 млн сом бөлүнгөн.

Быйылкы жылга ушул эле “Капиталдык салымдар” боюнча азырынча 683 млн сом каралып, бир катар обьектилердеги курулуш иштерин улантууга берилди.

Жыл соңуна чейин дагы кошумча каражат бөлүнөт.

Мындан сырткары, өлкөбүздүн Турукташтыруу фондунан 2025-жылы 3 млрд сомго жакын акча бөлүнүп, Ош шаарын өнүктүрүү долбоорлоруна багытталган.

Экономикалык өсүш индустриялаштыруу саясаты менен коштолуп, 2024-жылдан тарта жыл сайын 100 өнөр жай ишканасын ачууну салтка айлантып келебиз.

Анын негизинде Ош облусунда 34 өнөр жай ишканасы ачылды. Жалпысынан алганда 1700дөй жумуш орундары түзүлдү.

Алардын катарында көмүр кендери, кирпич заводдору, логистикалык борборлор, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалар бар.

Ушул жерден дароо эле айта кетейин, быйыл дагы өлкө боюнча 100 өнөр жай ишканасын куруу пландалып, анын ичинде Ош шаарын кошкондо жалпы Ош облусу боюнча 18 өнөр жай ишканасы салынат.

Өзүңүздөр билгендей, өнөр жай ишканаларынын жыл сайын көбөйүшү менен облустук бюджетке кошумча каражаттар түшкөндөн тышкары, жумуш орундары да пайда болуп, жергиликтүү элдин жашоо-турмушу жакшы жагына өзгөрөт.

Өлкө аймагында жумушсуздукту жоюуга багытталган “Социалдык контракт” долбоору боюнча Ош облусундагы 3908 үй-бүлөгө жардам берилди.

Ошону менен катар жаштарды эмгекке тартуу жана аларга стимул берүү, колдоо, өнүктүрүү максатындагы “Жаштар стажировкасы” долбоору пилоттук деңгээлде ишке ашырылууда.

Эми экинчи борбор калаабыздын билим берүү тармагында эң негизги көйгөй мектеп жетишсиздиги болуп жатканы баарыбызга белгилүү.

Анын бир катар объективдүү себептери бар.

Аларга токтолбой эле коеюн.

Шаарда 16 мектепте окуу процесси 3 смен, ал эми 51 мектепте 2 смен менен окуп жаткандыгын билебиз.

Мына ошондуктан, бүгүн Ош шаарында 10 мектептин курулушун баштап бердик.

Андан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен дагы 5 мектептин курулушу уланууда.

Кудай буюрса, жалпы 15 мектеп пайдаланууга берилсе, шаар мектептериндеги орун тартыштыгын жабууга мүмкүндүк болот.

Шаардын калкынын өсүү темпин жана ички миграцияны эске алып, алдыдагы жылдарда кошумча жаңы мектептерди курабыз.

Бул кадамдар билим берүү системасындагы көп жылдардан бери топтолгон көйгөйлөрдү чечүүнүн реалдуу жана натыйжалуу башталышы болуп саналат.

Мектептерде мугалимдер жана окуу китептери менен камсыз кылуу айрым региондорго салыштырмалуу жакшы деңгээлде экен.

Дагы бир баса белгилеп айта кетүүчү жагдай, педагогдорду материалдык-техникалык жактан камсыздоону жакшыртуу максатында
мугалимдерди ноутбуктар менен камсыз кылуу программасы ийгиликтүү ишке ашырылып жатат.

Мындай чара билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, заманбап окутуу ыкмаларын кеңири колдонууга жана мугалимдердин иш шарттарын жакшыртууга багытталган.

Аталган демилгенин алкагында өлкө боюнча 47 миңден ашуун мугалим ноутбуктар менен камсыз болду.

Анын ичинде Ош шаары жана Ош облусу үчүн 12605 ноутбук бөлүнүп, аймактагы жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине таратылды.

Бул аракеттер мугалимдердин санариптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, билим берүү процессине заманбап технологияларды кеңири киргизүүгө жана окутуунун сапатын жогорулатууга олуттуу салым кошууда.

Бүгүнкү күндө Ош шаары заманбап ооруканаларга муктаж.

Мына ушундан улам, республикалык бюджеттен жана башка каражаттардын эсебинен саламаттык сактоо мекемелеринин 3 объектиси:

Перинаталдык борбор, шаардык клиникалык оорукананын 300 орунга ылайыкталган жаңы имараты, Кургак учукка каршы борбордун административдик корпусу курулуп жатат.

2024-2026-жылдары Ош шаарындагы саламаттык сактоо уюмдары үчүн
жалпысынан 23, 6 млн сомго жабдуулар сатылып алынган.

Шаар тургундарынын суроо-талабы менен Ош облустар аралык ооруканасында магниттик-резонанстык томография боюнча (МРТ) диагностикалык борбор ачылды.

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж.

Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана Саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, "Дарыгер депозити" программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында "бейбаштык" боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу бир катар чаралар көрүлүүдө.

Биздин ден соолук сакчыларыбызга мындан ары дагы тиешелүү шарттарды түзүү жаатында иштерди улантабыз.

Ош шаары жаштардын, инновациялардын жана чыгармачылыктын борбору катары өнүгүп жатат деп айтууга толук негиз бар.

Фестиваль, концерт, спектаклдер Ош облусунун аймагынан сырткары да гастролго чыгып жатышкандыгы мунун ачык мисалы.

Калаадагы “Бабур” театры жакшы шартта иштеп жатат, маданий мурастарды сактоо боюнча да иштер жүрүп, Сулайман-Тоо объектисинин буфердик зонасын жөнгө салуу жана тарыхый объекттерди реставрациялоо пландалууда.

Ошол эле учурда айрым маданий мекемелердин: филармония авариялык абалда, драма театры оңдоого муктаж, куурчак театры имаратсыз экенинен кабарым бар.

Аталган маданият жайларынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн сметалык эсептерди жана тиешелүү долбоордук-техникалык документтерди даярдап, бул багытта министрлик, мэрия болуп чогуу иш алып барабыз.

Мэрия, тиешелүү министрликтер менен биргеликте сунуш бериңиздер!

Бүгүнкү күндө Ош шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо маселелерин чечүүдө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу жалпысынан 14 млн евро каралган долбоор 100% натыйжалуу бүткөрүлгөн.

2 фазадан турган бул долбоор менен шаардын таза суу жана саркынды суу тутумдары жаңыртылган.

Ошондой эле шаардын канализация тазалоочу станциясын кеңейтүү долбоорунун 3-фазасы башталды. 8 млн еврону түзгөн бул долбоор буюрса, 3 жылда бүтөт. Ушул жана башка иш-аракеттерибиз аркылуу Ош шаарын таза суу менен камсыз кылууну жакынкы жылдары чечип бүтөбүз.

Ош шаарынын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо максатында, “Коопсуз өлкө” долбоорунун негизинде жалпы 600 даана видеокамералар орнотулуп, ушул тапта ийгиликтүү иштеп жатат. Камераларга күнү-түнү ИИМ мониторинг жүргүзүүдө.

Орнотулган видеокамералардын натыйжасында, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын катталуусу эки эсеге азайды.

Тагырак айтканда, акыркы 5 жыл аралыгында Ош шаарында катталган кылмыштардын саны 58 пайызга төмөндөдү.

Быйылкы жылы бала бакчалардан баштап, базарларга, ири соода борборлоруна, эл көп чогулган жерлерге жана туристтик аймактарга, шаардын сырткы жана ички каттамдарына дагы 500 даана видео-камералар орнотулуп, коопсуздук маселеси дагы да жакшыртылат.

Ушул беш жыл ичинде үй-жайлуу болууну каалаган жарандарыбыздын муктаждыгын чечүү саясатын кескин өзгөртүп, баш-аягы 2021-жылдан тартып республика боюнча 9 миңден ашуун үй-бүлө өз турак жайына ээ болушту.

Ушул тапта Ош шаарында Мамлекеттик турак жай программасынын алкагында 5 518 батирлүү көп кабаттуу турак жай объектилери курулууда.

Буюрса үстүбүздөгү жылдын 2-кварталы менен 543 үй тапшырылат.

Ал эми калгандары 2027-жылы бүткөрүлүп берилет.

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

2030-жылга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын кабыл алганбыз.

Анда алдыдагы жылдары аткарыла турган конкреттүү багыттар камтылган.

Программаны ишке ашыруунун алкагында өлкө экономикасынын жалпы көлөмүн 30 млрд АКШ долларынан кем эмес камсыз кылуубуз зарыл.

Кудай буюрса, Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча дүйнөнүн алдыңкы 30 өлкөсүнүн катарына кирүүгө аракет кылып жатабыз.

Бул үчүн бизге “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” биримдик, ынтымак, бекем тартип, анан талбай эмгектенүүбүз керек.

Шаарларда болобу, айыл жергесинде болобу, элибиз эмгектенгенде гана натыйжа болорун жакшы билебиз.

Ошентсе да эл арасында ыгы жок жерден саясатка кийлигишип, алтындай болгон убактыларын, ашып ташып турган энергиясын түшүнсө-түшүнбөсө да саясий маселелерге короткондор жок эмес.

Ошондуктан дүйнө жүзүндө өнүгүү, өзгөрүүлөр саат сайын болуп жаткан маалда бардык мекендештеримди талбай иштөөгө, адал эмгек менен өз ишинен баар табууга, жергиликтүү жетекчилерди болсо эл үчүн, мамлекет үчүн ак кызмат кылууга чакырам.

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ыракмат!

Анда эмесе, “Суроо-жоопко” өтсөк".