Садыр Жапаров: Согуш бүткүл адамзатка чоң сабак болушу керек

Президент Загрузка... 09 Май 2026 13:00

Бишкек, 09.05.26. /Кабар/. Согуш бүгүн да бүткүл адамзат үчүн чоң сабак болушу керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквиемде билдирди.

Мамлекет башчысы согуш кайгы менен жоготууларды гана алып келерин, ал эми тынчтык баа жеткис байлык экенин белгиледи.

Бирок дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү согуштарда үч триллиондон ашуун каражат жумшалууда. Бул каражатты адамзаттын жаркын жашоосуна жумшалса болмок деп айтты Садыр Жапаров.

“Тилекке каршы, сабак болбой жатат. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө болуп жаткан согуштарда үч триллиондон ашуун каражат жумшалууда. Бул каражатты адамзаттын жаркын жашоосуна жумшасак кандай жакшы болоор эле. Жок дегенде жашыл жаратылышты коргоого жумшаганда дүйнө жүзү жапжашыл болуп турмак. Мына ошондуктан биз улуу жеңиштин сабактарын унутпай, тынчтыкты, ынтымакты жана биримдикти көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз. Биз үчүн жаркын келечек жана бейпил заман тартуулаган аталарыбыздын эрдиктерин улантып, ар бирибиз элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылууга аракеттенели”, - деп баса белгиледи президент.