Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Саясат таануучу, эл аралык мамилелер жана эл аралык укук боюнча серепчи, Түркиянын Кахраманмараш университетинин Саясий тарых кафедрасынын жетекчиси, профессор Тогрул Исмаил Садыр Жапаров президенттик кызматты аркалап баштагандан бери өлкөдө аткарылган иштер боюнча пикирин билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда социалдык-экономикалык тармакта алдыга коюлган пландарды аткарууга басым жасалууда. Ошол эле маалда серепчи Жапаровдун жетекчилигинде Кыргызстан тышкы саясатта алакаларын кеңейткенин белгиледи.
“Кыргызстанда социалдык-экономикалык тармакка өзгөчө көңүл бурулууда. Акыркы жылдары инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, аймактарды өнүктүрүүгө, социалдык жөлөк пулдардын көбөйүшүнө маани берилип жатат. Ошондой эле бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну көзөмөлдөө күчөтүлдү.
Жалпысынан алганда, Садыр Жапаровдун президенттик кызматы маалында мамлекеттүүлүктү чыңдоо жана жаңы өнүгүү моделин издөө мезгили катары мүнөздөөгө болот. Кыргызстан мындан ары да социалдык колдоону жана тышкы саясаттын ийкемдүүлүгүн сактоо менен бирге институционалдык өнүгүү аркылуу жетишилген туруктуулукту бекемдөөнү улантышы керек. Жүргүзүлүп жаткан реформалар натыйжалуу башкаруу мындан ары да керектигин айтып турат.
Тышкы саясатта Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан көз карандысыз өлкө катары өз ордун көрсөттү. Түрк мамлекеттери, анын ичинде Азербайжан, Түркия жана Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыктын күчөшү Бишкектин эл аралык кызматташтыгын бекемдеп, көп векторлуу дипломатия үчүн мейкиндикти кеңейтти. Бул өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына туура келет”, - деди ал.