Бишкек, 09.04.26 /Кабар/. Бүгүн түрколог, акын, жазуучу жана адабий сынчы Салижан Жигитовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык симпозиум башталды. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.
Иш-чаранын ачылыш аземи Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өтүп, акын тууралуу документалдык фильм көрсөтүлүп, анын 6 томдук чыгармалар жыйнагы тааныштырылды. Андан сырткары докладдар окулуп, чыгармачылыгы талкууланды.
Симпозиумга окумуштуулар, адабиятчылар, коомдук ишмерлер жана акындын неберелери катышты.
Иш-чара Улуттук жазуучулар союзу, Кыргыз-Түрк “Манас”, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Улуттук илимдер академиясы, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана “Өзгөн коому” тарабынан өткөрүлдү. Эртең симпозиумдун экинчи күнү өтөт.