Салык органдарынын адистери укук маселелери боюнча окуудан өтүштү

Экономика Загрузка... 07 Май 2025 15:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 07.05.25. /Кабар/. Аймактык салык органдарынын адистеринин укук маселелери боюнча кесиптик даярдыгын жогорулатуу максатында окутуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Укуктук колдоо башкармалыгынын башчысы Саламат Журсунбеков укуктук ишмердүүлүктүн негизги аспектилерин белгиледи.

Тактап айтканда, Салык кодексинин, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин, Кыргыз Республикасынын «Нормативдик укуктук актылар жөнүндө» Мыйзамынын, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын, «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Мыйзамынын жоболору, ошондой эле сот практикасындагы актуалдуу маселелер каралды.

Министрлер кабинетинин «Конфискацияланган, ээси жок, кароосуз калган мүлктөрдү, кылмыш иштери, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюм далилдерди эсепке алуунун, сактоонун, жок кылуунун, сатуунун жана аларды мамлекеттин менчигине айландыруунун айрым маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөчө көңүл бурулду.

Аймактык салык органдарынын адистери өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди карап чыгып, практикалык тажрыйба менен бөлүшүштү.