Санариптештирүүнүн жаңы этабы: Кыргызстандыктар чет өлкөдө QR-код аркылуу төлөй алышат

Санарип Кыргызстан Загрузка... 28 Май 2026 10:05
podrazdeleniya.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар

Жакында Улуттук банктын туунду уюму болгон "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК ("Элкарт") Alipay+ эл аралык компаниясы менен биргеликте Кыргызстандагы колдонуучулар үчүн эл аралык QR-төлөмдөрдүн ишке киргизилгендигин жарыялады.

Эми "Элкарт Мобайл" мобилдик тиркемесинин колдонуучулары дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүн жана аймактарын камтыган бирдиктүү Alipay+ QR-инфраструктурасы аркылуу чет өлкөлөрдө товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзө алышат.

Долбоорду ишке киргизүү өлкө жетекчилиги жана Улуттук банк тарабынан санариптик төлөм инфраструктурасын, трансчек аралык төлөмдөрдү жана заманбап каржылык кызматтарды өнүктүрүү боюнча коюлган милдеттердин алкагында ишке ашырылды.

WhatsApp_Image_YdHh4ac.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Бул кызматтын жардамы менен колдонуучулар сатып алууларды өздөрүнө көнүмүш болгон ыкма менен, "Элкарт Мобайл" тиркемесиндеги QR-код аркылуу түз төлөй алышат. Операциялар тез, коопсуз жана кошумча кызматтарды туташтыруу муктаждыгысыз жүргүзүлөт.

Миллиондогон колдонуучулар үчүн бул жөн гана жаңы кызмат эмес, бул ыңгайлуулуктун, мобилдүүлүктүн жана каржылык технологиялардын жеткиликтүүлүгүнүн жаңы деңгээли, ошондой эле Кыргызстандын көнүмүш санариптик куралдарын колдонуу менен чет өлкөлөрдө саякаттоо, окуу, иштөө жана сатып алууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев билдиргендей, бул төлөмдөрдү борборлоштуруу боюнча иш-аракеттердин алкагында жүргүзүлдү.

WhatsApp_Image_At1Qv3n.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90
"Долбоорду ишке ашыруу өткөн жылы башталган, ал эми бүгүн биз бул долбоорду иш жүзүнө ашырып жатабыз. Бул Кыргызстандын бардык банктары жана жарандары толугу менен акысыз колдоно ала турган бирдиктүү QR-код төлөмдөр мейкиндиги болот", - деп билдирди ал.

Бакетаев бул кызмат кыргызстандыктарга чет өлкөлөрдө кошумча кыйынчылыктарсыз төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берерин жана эсептешүүлөрдү кыйла ыңгайлуу жана жеткиликтүү кыла турганын баса белгиледи.

"Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКтын башкармалыгынын төрагасы Алтымыш Туратбеков белгилегендей, "Элкарт Мобайл" колдонуучулары бүгүнтөн тарта эле Казакстан менен Малайзияда сатып алуулар үчүн төлөй алышат, ал эми 15-июнга чейин система Кытайда ишке кирет. Айдын аягына чейин тармакка дагы 57 өлкө кошулат.

Туратбеков колдонуучуларга банктык картанын кереги жок экенин, болгону "Элкарт Мобайл" тиркемесин орнотуу жетиштүү экенин, ал жерде чет өлкөдө QR-код аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөөгө арналган Alipay+ кызматы пайда болорун баса белгиледи.

WhatsApp Image 2026-05-28 at 07.05.32

Ал ошондой эле КР жарандары үчүн комиссия алынбай турганын, ал эми конвертациялоо курсу рыноктук принцип боюнча күн сайын жаңырып турарын билдирди.

"Буга чейин "Элкарт" системасы Өзбекстандын төлөм инфраструктурасы менен интеграцияланган болчу, бул улуттук карталарды чет өлкөдө колдонууга мүмкүндүк берет. Бул улуттук төлөм системасын өнүктүрүүдөгү жана анын эл аралык рынокко чыгуусундагы маанилүү кадам болуп саналат", - деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде Alipay+ компаниясынын стратегиялык өнөктөштүк боюнча директору Ян Пан кыргызстандыктар 90 миллионго жакын соодагер иштеген Кытайда товарлар жана кызматтар үчүн төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун айтты.

"Бул Кыргызстандын жарандары Кытайда жүргөндө, интеграцияланган төлөм инфраструктурасын колдонуу менен сатып алуулар үчүн түз эле ошол өлкөдө эркин чечише алат дегенди билдирет", - деди ал.
WhatsApp_Image_Nv4VjmL.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Өнөктөштүктүн кийинки этабы QR-системасын Alipay+ платформасы менен интеграциялоо болот. Мунун натыйжасында "Элкарт" эл аралык тармактын толук кандуу өнөктөшү болуп калат, ал эми Кыргызстанга келген чет элдик туристтер товарлар жана кызматтар үчүн өздөрүнө көнүмүш болгон санариптик төлөм куралдары аркылуу төлөй алышат. Мындай колдонуучулардын потенциалдуу аудиториясы дүйнө жүзү боюнча болжол менен 2 млрд адамды түзөт.

Ал Кыргызстандын төлөм системасынын Alipay+ менен интеграциясы экономиканы, сооданы жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгиледи.

Анын пикири боюнча, бул Кыргызстандын дүйнөлүк аренада потенциалдуу соода жана каржы борбору катары позициясын чыңдоого өбөлгө төлөшү мүмкүн.

Кыргызстандын Банктар союзуног башчысы Анвар Абдраев санариптик төлөмдөрдүн өнүгүшү жана банктык кызматтардин эл аралык интеграциясы тууралуу комментарий берип, өлкө иш жүзүндө каржылык инфраструктуранын жаңы деңгээлине өтүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстандын ичинде бирдиктүү QR-системасы иштеп жатат, ал каалаган банктык тиркемеден жана каалаган банктагы каалаган эсептен товарлар жана кызматтар үчүн төлөөгө мүмкүндүк беререт. Ал белгилегендей, бул механизм колдонуучулар үчүн ыңгайлуу курал болуп калды жана иш жүзүндө өлкө ичиндеги банктык кызматтардын ортосундагы тоскоолдуктарды жойду.

1049683436_0_0.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Абдраев ушундай эле принцип Кыргызстандан тышкары аймактарга да жайыла баштаганын белгиледи. Адис Өзбекстан менен болгон колдонуудагы келишимди эске салды, ал жерде эки жылга жакын убакыттан бери бирдиктүү QR-код боюнча өз ара төлөмдөр системасы иштеп жатат. Бул кыргызстандыктарга Өзбекстанда эсеп ачпастан же жергиликтүү картаны колдонбостон товарлар жана кызматтар үчүн төлөөгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле төлөм системаларынын эл аралык өнүгүүсүнө токтолуп, анын ичинде Visa жана Mastercard сыяктуу эл аралык карталар үчүн чектөөлөр бар өлкөлөр менен интеграциянын маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, мындай чечимдер банктардын кардарлары үчүн ыңгайлуулукту жогорулатат жана чет өлкөлөрдө накталай эмес эсептешүүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

podrazdeleniya.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Ал өзгөчө "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКтын инфраструктурасы аркылуу Alipay төлөм экосистемасы менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, муну Кыргызстандын каржылык интеграциянын жаңы деңгээлине чыгуусундагы кадам деп атады.

Каржы адиси өлкөнүн банк тутуму акырындык менен эл аралык каржылык мейкиндиктин толук кандуу катышуучусуна айланып бара жатканын, функционалдуулугу боюнча глобалдык төлөм карталары менен тең тайлаша аларын белгиледи. Эгерде бир нече жыл мурун мындай чечимдер келечектин үмүтү сыяктуу көрүнсө, бүгүнкү күндө алар өлкө ичинде да, эл аралык деңгээлде да ийгиликтүү колдонулган реалдуулукка айланды.