Сары-Челектеги рейд: Инспекторлор менен бирге жеринен репортаж

Аймак Загрузка... 22 Май 2026 12:40
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Кыргызстандын бардык аймактарындагы көлдөр менен суу сактагычтарда браконьерликке жана мыйзамсыз балык уулоого каршы масштабдуу рейддер өтүүдө.

Бул ирет Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунун аймагында кезектеги рейддик иш-чара уюштурулду. Негизги максат — браконьерликке каршы күрөшүү, ошондой эле сууга мыйзамсыз коюлган балык уулоочу торлорду аныктоо жана жок кылуу болуп саналат. "Кабар" агенттигинин чыгармачыл тобу инспекторлордун рейддик ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып кайтты.

Рейддин алгачкы этабында инспекторлор кооз аймакка эс алууга келген жарандар арасында жаратылышты коргоо, мыйзамга каршы аракеттерге барбоо жана экотуризмдин эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, тартипти көзөмөлгө алышты. Ошондой эле кандайдыр бир мыйзам бузуулар катталган шартта айып пулдар каралганы катуу эскертилди.

Андан соң адистер Сары-Челек көлүнүн бүткүл аймагын кайыктар менен кыдырып, мыйзамсыз балык уулоо жана тор салуу аракеттерине бөгөт коюу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүштү. Мындай рейддик иш-чаралар өлкөнүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында туруктуу негизде улантылмакчы.