Сауд Аравиясынын мунай экспорту эки эсеге кыскарды

Дүйнө Загрузка... 02 Апрель 2026 09:25
ec2fc9b9-3ace-498e-ab31-b5124cf04a78.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Сауд Аравиясынын мунай экспортунун көлөмү март айында 50%га төмөндөп, күнүнө орточо эсеп менен 3,33 млн баррелди түздү. Бул тууралуу Известия Bloomberg агенттигине шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, Сауд Аравиясынын февраль айындагы орточо чийки мунай экспорту күнүнө 6,66 млн баррелди түзгөн.

Эр-Рияд Перс булуңунун экспорттук терминалдарынан мунай агымын күнүнө болжол менен 7 млн баррель ташый турган Чыгыш–Батыш кууруна бурду.

Мындан тышкары, Сауд Аравия Европа жана Түндүк Американын чыгыш жээгиндеги кардарларын Египеттин Жер Ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан сактоочу резервуарлардан камсыз кылууну улантууда.