Жаз-жай мезгилинде Кыргызстанда жаан-чачындын көбөйүшү менен сел, жер көчкү жана суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктардын коркунучу күчөйт. Айрым аймактар өзгөчө кооптуу деп бааланып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, алдын алуу чаралары көрүлүүдө. Ошондой эле мамлекет тарабынан турак жайларды камсыздандыруу иштери сунушталып келет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин болжолдоо жана мониторинг иш-чараларына ылайык, өлкөдө 11 миң 388 кооптуу табигый процесстердин өөрчүү участкалары бар. Алардын катарында 4 554 жер көчкү катталып, 1 186сы калкка жана инфраструктурага кооптуу болуп саналат.
Ошондой эле 3 103 сел кооптуулугундагы дарыялар жана сел, суу ташкындары кооптуу болгон 4 109 участка бар. Андан сырткары, 381 калктуу конуштагы участкалар кыртыш сууларынын көтөрүлүшүнө дуушар болууда.

Министрлик ошондой эле кооптуу табигый процесстердин активдешүүсүнүн божомолдорун чыгарган. Ага ылайык, жаан-чачындын локалдуу жаашынан улам Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Чүй жана Ысык-Көл облустарында сел, суу ташкыны процесстеринин активдешүүсү ыктымал.
2025-жылы министрлик тарабынан жалпы 1 932 изилдөө иши аткарылган. Анын ичинен 1 033ү (54,3%) сел жана суу ташкындарына, 252си (13,1%) жер көчкүлөргө карата жасалган.

Өлкөнүн аймагындагы кооптуу тилкелердин арасынан жалпы 46 жер көчкү тилкеси тандалып алынган. Ош облусу боюнча 24 жер көчкү тилкеси катталып, райондор боюнча саны төмөндөгүдөй:
- Алай – 5;
- Кара-Кулжа – 5;
- Кара-Суу – 3;
- Ноокат – 1;
- Өзгөн – 10.
Ал эми Жалал-Абад облусунда 22 жер көчкү тилкеси катталып, райондор боюнча саны төмөндөгүдөй:
- Аксы – 6;
- Базар-Коргон – 5;
- Ноокен – 1;
- Сузак – 10.

Жаз-жай мезгили келгенде өлкөдө сел, жер көчкү жана башка табигый кырсыктар катталып турат. Күтүүсүз кырсыктардын кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында турак жайды милдеттүү камсыздандыруу системасы иштелип чыккан. Анын негизинде жарандар материалдык чыгымдарын жаба алышат. Учурда Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун бардык облустардагы филиалдары иш алып барып, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, турак жайларды камсыздандырууга көмөктөшүүдө.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Жалал-Абад облусундагы филиалынын директору Урматбек Осмонкожо уулу "Кабар" агенттигине билдиргендей, жыл башынан бери 17 жарандын турак жайы зыянга учурап, аларга жалпы 4 млн 577 миң сом төлөнүп берилген.
Анын айтымында, жарандарды колдоо иретинде түшүндүрүү, маалымдоо жана үйлөрдү жеринде камсыздандыруу иштери уланууда. Жер көчкү кооптуулугу жогору деп бааланган аймактарда 3 айдын ичинде турак жайын камсыздандыргандардын саны төмөндөгүдөй:
- Аксыда – 1 323;
- Базар-Коргондо – 1 261;
- Ноокенде – 1 194;
- Сузакта – 1 741.
Уюмдун Ысык-Көл филиалынын директору Нурлан Абдыкеевдин "Кабар" агенттигине билдиргендей, 2025-жылы облуста 37 турак жайга 1 млн 586 миң сом төлөнүп берилген.

"Негизи, Ысык-Көл облусунда 99 миң 495 турак жай катталган. Былтыркы жылга салыштырмалуу жарандар арасында камсыздандыруу жоопкерчилиги өстү. Ал эми жалпы облус боюнча 200 миң 413 турак жай камсыздандырылган болсо, быйылкы жылдын 3 айында дагы 11 374 турак жай кошулду.
Тоң району селге кооптуу аймак болгондуктан, былтыр эки жолу сел жүрүп, биринчисинде жолду жууп кетсе, экинчисинде Кажы-Сай айылындагы үйлөрдүн короолорун каптаган. Бирок турак жайлар зыян тарткан эмес.
Учурда райондо 2 300 үй камсыздандырылган. Ал эми турак жай фондунда 10 миң 300 үй катталган. Учурда үймө-үй кыдыруу иштери жүргүзүлүп жаткандыктан, алардын саны дагы да көбөйүүдө.
Ал эми масштабдуу кырсыктарга токтоло турган болсок, 2024-жылы көлдө ири сел жүрүп, андан зыян тарткан "Аврора" пансионатына 4 млн 600 миң сом, турак жайы жабыркаган 11 үй-бүлөнүн төртөөнө 500 миң сомдон жана калган алты үй-бүлөгө 50–100 миң сомго чейин кенемте төлөп бергенбиз", - деди директор.

Эске салсак, ушул жылдын 5-апрелинде Нарын облусунун Жумгал районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Миң-Куш жана Сары-Булуң айылдарындагы 3 турак үйдүн короосун каптаган.
Уюмдун Нарын облусундагы филиалынын директору Арстанбек Алымканов "Кабар" агенттигине билдиргендей, Жумгал району боюнча 2026-жылдын январь айында – 120, февраль айында – 164 жана март айында 186 турак жай камсыздандыруудан өткөн.
"Бактыга жараша, Жумгал районундагы турак жайлар зыянга учураган жок. Райондо жыл өткөн сайын үйлөрдү камсыздандыруунун саны өсүп жатат", - деди ал.