Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Коом Загрузка... 15 Май 2026 09:05
1405244188.jpg

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал катталышы күтүлөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.