ШКУ саммитине карата Бишкекти кандай өзгөрүүлөр күтүп жатат?

Коом Загрузка... 12 Май 2026 13:40
WhatsApp Image 2026-05-11 at 17.41.24.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине карата кызуу даярдыктар уланууда. Бул эл аралык деңгээлдеги маанилүү иш-чаранын алкагында шаарда масштабдуу инфраструктуралык курулуштар жана реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Магистралдык жолдор капиталдык оңдоодон өтүп, имараттардын фасаддары бирдиктүү дизайнга келтирилип реставрациялануусу борбор калаанын эстетикалык келбетин заманбап деңгээлге көтөрүүдө. Мындай комплекстүү өзгөрүүлөр шаардын инфраструктурасын гана жакшыртпастан, анын архитектуралык бир бүтүндүгүн камсыз кылууда.

WhatsApp Image 2026-05-12 at 13.37.54 (1).jpeg

Ушул жылдын август-сентябрь айларында Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 25 жылдык мааракелик саммити өтөт. Уюмга мүчө болгон Кытай жана Россия баштаган 10 мамлекетти, 4 байкоочу өлкөнү, ошондой эле Евразия жана Африка чөлкөмүнөн келген диалог боюнча өнөктөштөрдү камтыган жогорку деңгээлдеги ири делегацияларды татыктуу тосуп алуу — өлкө алдындагы чоң жоопкерчилик. Бул багытта эң негизги милдет "Манас" эл аралык аба майданына жүктөлгөн, анткени өлкөгө келген ар бир меймандын алгачкы пикири дал ушул жерден калыптанат. Учурда аэропорттун 39 миң чарчы метрлик аянты дагы 20 миң чарчы метрге кеңейтилип, ички инженердик иштери кызуу жүрүүдө. Мындан сырткары, терминалга жөө өтмөк аркылуу туташа турган 650 унаага ылайыкташкан көп деңгээлдүү заманбап унаа токтотуучу жай курулуп жатат. "Кыргызстан аэропорттору" ААКтан "Кабар" агенттигине билдиришкендей, бардык даярдыктар жана курулуш иштери ШКУ саммити башталганга чейин толугу менен бүткөрүлөт.

WhatsApp Image 2026-05-11 at 17.43.56.jpeg

“Ушул тапта аэробекет комплексинин ичинде жылуулук, желдетүү, видеокөзөмөл, өрт коопсуздугу сымал системаларды орнотуу иштери аяктап калды. Бул арада аэропорттун терминалынын фасадындагы витраждуу конструкцияларды айнектөө иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда жол жабдыктарын орнотуу, жөө жүрүү аймактары, жашылдандыруу, транспорттук логистиканы уюштуруу да каралууда. Ал эми унаа токтотуучу жай менен аэропорттун терминалынын имаратынын ортосунда жүргүнчүлөрдүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүшүн камсыз кылуучу жөө өтмөктүн курулушу жүрүп жатат. Мындан тышкары, аба майдандын сырткы көрүнүшүн бирдиктүү архитектуралык стилге ылайыкташтырууга багытталган витраждуу конструкцияларды алмаштыруу иштери уланууда”, - деп билдиришти “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан.

Аба майдандан Бишкекке киргенде Фучик көчөсүн бойлой Достук айылынан Рыскулов көчөсүнө чейин декоративдүү тосмо орнотулуп, жарыктандырылат. Бишкек мэриясы билдиргендей, дээрлик 9 чакырым жолдо бирдиктүү визуалдык коридор түзүлүп, ал чет элдик делегациялар жана меймандар өтчү жолдо заманбап эстетикалык көрүнүштү берип турат.

Бишкектин негизги жолдорундагы үйлөрдүн, мекеме, имараттардын фасаддарын реставрациялоо жана жаңылоо милдети Курулуш министрлигине жүктөлгөн. Бул үчүн борбор калаанын бирдиктүү дизайн-коду бекитилди.

WhatsApp Image 2026-05-11 at 17.42.36.jpeg

“Бишкек шаарынын бекитилген дизайн-кодуна ылайык, жеке архитекторлор менен биргеликте имараттардын фасаддык паспорттору иштелип чыгып, белгилденген тартипте макулдашылууда. Мындан тышкары, ишкерлерге жана обьекттердин ээлерине фасаддарды жасалгалоо боюнча туруктуу консультациялык колдоо көрсөтүлүп жатат. Бул чаралар шаардык чөйрөнүн бирдиктүү архитектуралык стилин калыптандырууга өбөлгө түзөт. Жүргүзүлүп жаткан иштер Бишкек шаарынын эстетикалык келбетин жакшыртууга, архитектуралык талаптарды сактоого жана Бишкек шаарынын заманбап, көрктүү жана шайкеш көрүнүшүн камсыз кылууга багытталган”, - деп билдирди Курулуш министрлиги.

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин кеңешмелери Бишкекте жаңы салынып жаткан “Ырыс Ордо” конгресс-холлунда өтөт. Анын аянты 39 миң чарчы метрди түзүп, эки кабаттан турат. Имарат 1238 орундуу чоң конференц-зал, 1000 кишилик банкет зал, ар кыл форматтагы иш-чаралар жана кеңешмелер үчүн залдарды, ошондой эле пресс-борборду камтыйт. Ошондой эле 300 унаага эсептелген токтотмо жана жанына бардык шарты менен сегиз конок үй куруу пландалган. Курулушта эл аралык сапат жана коопсуздук стандарттары эске алынууда. Конгресс-холл ШКУнун саммитине даярдыктын маанилүү бөлүгү десе болот.

WhatsApp Image 2026-05-11 at 17.46.04.jpeg

ШКУнун саммити эң алды саясий иш-чара. Ошол эле учурда Кыргызстан үчүн мамлекеттин заманбап келбетин дүйнөгө көргөзүү мүмкүнчүлүгү экенин унутпоо керек. Бул өнүккөн инфраструктура, тейлөөнүн деңгээли, инвестицияларга ачыктык жана жогорку деңгээлдеги эл аралык саамалыктарды өткөрүү дарамети. Мындай пикирин "Кабар" агенттигине саясат таануучу Асел Өмүракунова билдирди.

WhatsApp Image 2026-05-11 at 17.42.22.jpeg

Эксперттин айтымында, өнөктөштөр менен инвесторлордун Кыргызстанды кандай кабыл алары уюштуруучулуктан жана меймандостуктан көз каранды.

“Мындай иш-чаралар чет өлкөлүк делегациялар, инвесторлор жана эл аралык өнөктөштөр үчүн өлкө тууралуу алгачкы таасирди калтырат. Ошондуктан ШКУ саммити сымал эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардын саясий мазмуну эле эмес, анын уюштуруу сапаты да маанилүү. Инфраструктура сааттай иштеп, жолдордун жана объектилердин абалы, тейлөөнүн жана логистиканын сапаты, коопсуздук жогорку деңгээлде болушу шарт.
Ири масштабдагы иш-чараларды өткөрүү менен өлкө туруктуулугун, кызматташууга ачыктыгын, жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө даяр экенин көрсөтүп жатканын баса белгилейт. Өнөктөштөр негизинен инвестициялык климатка, мамлекеттик институттардын ишмердигинин натыйжалуулугуна жана өлкөнүн жалпы өнүгүү деңгээлине саммиттин кандай уюштурулганына жараша баа беришет”, - деп билдирди саясат таануучу.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Спорттук иш-чаранын ачылыш аземи борбор калаадагы “Бишкек Арена” стандионунда орун алат. "Бишкек Аренанын" курулуш иштери 90%га аяктап калды. Обьект 51 миң кишилик, FIFA`нын талаптарына жооп берген, Борбор Азиядагы эң ири стадиондордун бири болмокчу. Жалпы аянты 180 миң чарчы метрди түзүп, бийиктиги 70 метрге жетет. Долбоордо 8 деңгээл жана 8 функционалдык блок каралган.