Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) пайдубалы – бул мамлекеттер аралык кызматташтыктын адилеттүү эрежелери, улуттук кызыкчылыктарга болгон сый-урмат жана саясаттагы макулдашылган чечимдер. Уюмдун өзөгүн түзгөн 10 мамлекет (анын ичинде Кытай, Россия, Индия, Пакистан, Иран, Беларусь жана Борбор Азиянын төрт өлкөсү) өз ара аракеттенүүнүн негизги принциптери боюнча кеңири консенсуска жетишти. Алардын негизинде адилеттүү жана натыйжалуу кызматташуу механизмдери калыптанууда.
Бүгүнкү күндө аталган уюмга Түштүк-Чыгыш Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү да кызыгуу көрсөтүүдө. Диалог боюнча өнөктөштөрдүн жана байкоочулардын саны 17ге жетти. Өлкөлөр биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизип, заманбап транспорттук тутумдарды куруп, өнөр жай менен энергетиканы активдүү өнүктүрүүдө. ШКУнун жалпы ИДПсы дүйнөлүк көрсөткүчтүн 35 пайызын түзөт, ал эми калкынын саны адамзаттын дээрлик жарымына барабар. Демек, уюм өнүгүү үчүн зарыл болгон бардык ресурстарга жана компетенцияларга ээ болгон, дүйнөнүн өзүн-өзү камсыздоочу уюлу катары күч топтоп жатат.
Эксперттердин белгилешинче, эл аралык мамилелердин глобалдык системасы коопсуздук функцияларын аткаруу жөндөмүн жоготуп, логистика үзгүлтүккө учурап, соода көлөмү азайып, мунай рыногу кыйрап, санкциялык тирешүү жана тутанган тарифтик согуштардын натыйжасында экономика солгундай баштаганда уюм өзүнүн жашоого жөндөмдүүлүгүн жана туруктуулугун далилдеди. Азыр дүйнөнүн калган бөлүгүнөн айырмаланып, чоң Евразия мейкиндигинде ИДПнын ишенимдүү өсүшү уланууда, өнөр жай потенциалы чыңдалып, мамлекеттер аралык товар алмашуунун чоң көлөмүн өткөрө алган ыңгайлуу жана тез логистика түзүлүүдө.
Кыргыз улуттук университетинин алдындагы ШКУну изилдөө борборунун жетекчиси Улугбек Ерешеев Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун долбооруна көңүл бурууну сунуштайт. Ал бул долбоор транспорттук туюктан чыгуу эле эмес, евразиялык өнөктөштүктү экономикалык байланыштар менен бекемдей турган жаңы деңгээлдеги логистика экенин белгилейт.

"Кыргызстан аркылуу өтүүчү темир жол – бул ШКУ мейкиндигинде ишке ашырылып жаткан ондогон ири инфраструктуралык долбоорлордун бири гана. Ошол эле учурда алар бири-бири менен тыгыз байланышкан. Ыңгайлуу логистика түзүлгөндөн кийин өнөр жай өнүгүп, энергетика тармагындагы кызматташтык башталат. Бир багыт экинчисинин илгерилешине түрткү берет. Мындай аракеттер өлкөлөр ортосунда макулдашылып, өз ара өнүгүүгө жана колдоого багытталганда, ШКУ экономикалык жактан олуттуу чыңдала алганын көрөбүз. Борбор Азиядагы жана жалпы эле дүйнөдөгү терс абалга карабастан, Кыргызстанда ИДП өсүүсүн улантууда жана глобалдык туруксуздук бизде олуттуу кризистик көрүнүштөрдү жараткан жок.
Бүткүл дүйнөнү "бороон" каптап жаткан учурда, ШКУнун ичинде экономикалык логика жана коопсуздук маселелеринде алдын ала болжолдоого мүмкүн болгон тактык бар. Бул азыркы тапта өтө маанилүү", – деп баса белгилейт Улугбек Ерешеев.
Уюмдагы өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген кызыкчылыктардын балансы – бул чоң Евразия мейкиндигин бекемдеп турган эң бекем көзгө көрүнбөгөн байланыш. Туруктуулук жана алдын ала болжолдуулук Шанхай кызматташтык уюмунда жаңы өсүү чекиттерин жаратууда. Президенттин кеңешчиси Марат Иманкулов өнөктөштөр ортосунда коопсуздукту камсыздоо боюнча жалпы мамилелердин болушу канчалык маанилүү экенине көңүл бурат.

"Албетте, бүгүнкү күндө ШКУнун өнүгүүсүндө биз көрүп жаткан натыйжалар, кызматташтыктын олуттуу чыңдалышы өнөктөштөр ортосундагы аракеттердин так координацияланышынын эсебинен ишке ашты. Коопсуздук чөйрөсүнүн адиси катары айта алам: бүгүнкү күндөгү экономикалык ийгиликтердин негизги пайдубалы – ШКУ Евразия континентинин олуттуу бөлүгүндө ички туруктуулукту камсыз кыла алгандыгында. Ар кандай пикир келишпестиктер саясий-дипломатиялык жол менен чечилип жатат. Мисалы, Борбор Азияда бир нече ондогон жылдар бою тобокелдиктерди жаратып келген чек ара маселелери толугу менен жөнгө салынды.
ШКУда терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы күрөшүү боюнча системалуу жана координацияланган иштер жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын демилгеси менен трансчек аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборун түзүү маселеси олуттуу иштелип жатат. Биздин өлкө уюмга эски дүйнөлүк тартип деградацияга учурап жаткан тарыхый бурулуш учурунда төрагалык кылууда. Өнүгүү темпин жоготпоо жана экономикалык жактан чыңдалуу үчүн бизге тынчтыкты жана аймактык туруктуулукту сактоо маанилүү.
Ошондуктан, үстүбүздөгү жылдын август айында Бишкекте өтө турган, дос мамлекеттердин лидерлери чогула турган ШКУ саммити дүйнөлүк саясаттагы жылдын негизги окуяларынын бири болот. Бул эң жогорку деңгээлдеги маанилүү жолугушуу болуп, анда келечектеги өз ара аракеттенүүнүн багытын аныктай турган негизги басымдар жасалат", – деди Иманкулов.
ШКУ Евразия континентиндеги кызматташтык механизмдерин өркүндөтүүдө. Бүгүнкү күндө уюмдун алкагындагы кызыкчылыктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн спектри кеңейүүдө: соода жана өнөр жай өндүрүшүнөн сырткары, санариптик финансыларды башкаруу жана жасалма интеллект (ЖИ) технологиялары сыяктуу багыттар боюнча да өз ара аракеттенүү барган сайын көп талкууланууда.
Серепчилер өлкөлөр ортосунда өз ара ишеним жана урматтоо болгондо, узак мөөнөттүү өнүгүү долбоорлору бир топ тезирээк ишке ашарын белгилешет.