ШКУнун жаш илимпоздору улуттук каада-салттар менен таанышууда

Коом Загрузка... 14 Июль 2026 18:00
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда 5–20-июль күндөрү өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн уюштурулган эл аралык илимий-билим берүү лагери уланууда. Билим берүү жана илимий программадан тышкары, катышуучулар чыгармачылык боюнча мастер-класстарга да активдүү катышып жатышат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Жаш окумуштуулар комуз жана гитара чертүүнү үйрөнүп, карапа жасоо, сүрөт тартуу жана декоративдик-колдонмо өнөр боюнча сабактарга катышууда. Катышуучулардын айтымында, мындай иш-чаралар чыгармачылык жөндөмдү өнүктүрүү менен катар Кыргызстандын улуттук каада-салты жана маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Министрликтин маалыматына ылайык, чыгармачылык программа лагердин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ал ШКУ өлкөлөрүнөн келген катышуучуларга Кыргызстандын маданий мурасын тереңирээк таанып-билүүгө, бири-бири менен пикир алышып, бейформал шартта тажрыйба алмашууга шарт түзөт.