Соң-Көлдөн 16 миң метрден ашуун балык уулоочу тор чыгарылды

Аймак Загрузка... 20 Июль 2026 17:30

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Суучулдар Сөң-Көлдө суу түбүнөн 16 миң 500 метр узундуктагы мыйзамсыз салынган балык уулоочу торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

“Суу түбүнө кезеги менен түшүп иштеген ӨКМдин суучулдары 9 метр тереңдикке чейин түшүп, Соң-Көлдү торлордон арылтышты”,—деп айтылат маалыматта.