Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Ош облусунун Чоң-Алай районунда 251 адамга колдоо көрсөтүлгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чоң-Алай районунун тургундары жана активи менен жолугушканда билдирди.
Өлкө башчысы белгилегендей, жумушсуздукту азайтууга багытталган “Социалдык контракт” долбоорунун алкагында былтыр Ош облусунда 3908 үй-бүлөгө жардам берилген.
Анын ичинен Чоң-Алайда 251 адам айыл чарба багытында колдоо алган.