Сокулукта турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды

Кырсык Загрузка... 15 Июль 2026 17:55
copyright icon ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгы

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Бүгүн Сокулук районунун Ак-Жол айылындагы Абдыкайым көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды.

ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынан билдиришкендей, жалын саат 16:21де толугу менен чектөөгө алынган.

"Учурда өрттү толук өчүрүү жана калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге барганда, өрттөнгөн объект турак үй деп катталганы менен, иш жүзүндө өндүрүштүк техникалардын запастык тетиктери жана фреон баллондору сакталган көмүскө кампа катары колдонулуп келгени аныкталган.

Тилсиз жоонун жүрүшүндө кампада сакталып турган фреон баллондору жарылып, анын кесепетинен коңшу жайгашкан үйдүн терезелери талкаланган.

"Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам жана кесипкөй аракетинин натыйжасында, өрт коңшу үйгө өтпөй, ал толук сакталып калды", - деп айтылат маалыматта.

Кырсыкты өчүрүүгө жалпысынан 3 өрт өчүрүүчү бөлүм, штаб жана 1 суу ташуучу унаа катышты. Ошондой эле жеринде ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Чолпонбек Боскунчиев баштаган ыкчам топ иш алып барды.