Соцконтракт: Үч балалуу жалгыз бой эне кантип ишкер болду?

Коом Загрузка... 26 Март 2026 17:45
d2ba38f5-8e60-41db-8cb4-acf491fcc29d.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

2022-жылдан бери президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып жаткан “Социалдык келишим” долбоору жүздөгөн үй-бүлөлөрдүн жашоосун өзгөртүүгө жол ачты. Арасында жеке ишкер аталып, кирешесин миллионго жеткиргендер да бар. Алардын катарында мамлекеттен кайтарымсыз колдоо алып, өз ишин жолго койгон жарандардын бири Феруза Абдулхатова. Ал талыкпаган эмгеги жана мүмкүнчүлүктү туура пайдалануунун аркасында каржылык абалын жакшыртып, ийгиликке жетишти.

Токмок шаарынын тургуну Феруза Абдулхатова аталган программага катышканга чейин үч баласын жалгыз тарбиялап, жөлөк пул алып жашап келген.

“2024-жылы социалдык контракт программасы тууралуу угуп, ага катышууну чечтим. Ага чейин базардын ичинде чакан ашкана ачып жаткам. 100 миң сомдук каражатка ашканага керектүү техникаларды жана жабдууларды сатып алып, төрт стол жайгаштырдым. Ашкананы кичүү уулумдун атынан “Муслим” деп атадым. Алгач өзүм жалгыз иштетип жүрдүм, бирок көп өтпөй кардарлар көбөйүп, ашпозчу менен жардамчы алдым. Натыйжада туруктуу кирешеге чыгып, мурда ижарага алып жүргөн жайымды сатып алууга жетиштим. Андан тышкары, жеңил унаа жана эки уй сатып алдым”, — деп алгачкы ийгиликтери менен бөлүштү ишкер айым.

Ал жакынкы убакта ишкерлигин кеңейтип, дагы бир ашкана ачкан.

“Жакында базардын башка катарынан дагы бир ашкана ачып, мурункусун ижарага бердим. Жаңы ашкана мурункусунан бир аз чоңурак болуп, орундуктары да көбүрөк. Учурда анда үч адам иштеп жатат. Ал эми көзөмөлдөө жана керектүү нерселер менен камсыз кылуу иштерин өзүм жүргүзөм. Кардарлардын саны күн санап көбөйүп, ишим жакшы жүрүп жатат”, — деди ал.

Феруза Абдулхатова жетишкен ийгиликтери үчүн өлкө башчысына ыраазычылык билдирип, башка кыз-келиндерди да коркпостон иш баштоого чакырды.

“Бизге ушундай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген президент Садыр Жапаровго ыраазычылыгымды билдирем. Иш баштоо үчүн эң оболу кызыгуу жана чын жүрөктөн ниет керек. Эң башкысы кандай гана иш болбосун коркпостон баштап кетүү зарыл. Калганы адамдын аракетине жараша өз нугу менен улана берет”, — деп кошумчалады ишкер айым.

Белгилей кетсек, социалдык контракт программасынын алкагында жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашкан 14 үй-бүлө аныкталды. Алар өздөрүн гана иш менен камсыз кылбастан, кошумча 51 миңден ашык жумуш ордун түзүүгө жетишкен. Программанын натыйжасында бүгүнкү күндө 203 миңден ашык жарандын жашоо шарты жакшырган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы төрт жыл ичинде 48 миң 557 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлүп, бизнес-долбоорлор ишке ашырылган. Алардын басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагында (73,3%), калгандары өндүрүш (13,8%), соода-сатык (6,7%) жана кызмат көрсөтүү (6,2%) багыттарында иш алып барышууда.

Мурда социалдык контракттын көлөмү 100 миң сом болсо, 2025-жылдан тарта 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Быйыл республика боюнча 13 миң 333 аз камсыз болгон үй-бүлө бул колдоонун алкагында каражат алуу алдында турат. Учурда арыздар кабыл алынууда.