Соттук-эксперттик кызмат ЖОЖдор менен байланышты бекемдейт

Коом Загрузка... 15 Апрель 2026 17:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Соттук-эксперттик кызматы

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Соттук-эксперттик кызматта соттук экспертиза кафедраларынын башчылары жана ЖОЖдордун окутуучулары менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда билим берүү системасы менен практикалык эксперттик ишмердүүлүктүн ортосундагы алаканы бекемдөө маселеси талкууланды.

Өзгөчө көңүл жаш адистердин жетишсиздиги көйгөйүнө бурулду. Белгиленгендей, профилдик багыттардын бүтүрүүчүлөрү эксперттик чөйрөдө иштөөнү дайыма эле тандай беришпейт, анын бир себеби айлык акынын деңгээлине байланыштуу.

Жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү бир катар маселелерди көтөрүштү. Атап айтканда, бардык эле бош орундарды бүтүрүүчүлөр менен толтуруу мүмкүн эмес, анткени тиешелүү билим берүү адистиктери жок. Буга байланыштуу окуу программаларын кеңейтүү жана актуалдаштыруу зарылдыгы баса белгиленди.

Жолугушуунун алкагында окутуучуларга заманбап лабораториялык жабдуулар көрсөтүлүп, экспертизанын айрым түрлөрүн жүргүзүү процесси көрсөтмөлүү түрдө тааныштырылды.