Өлкөдө маданият тармагы жаңы баскычка чыгып, көрүүчүлөрдүн кызыгуусу мурдагыдан да күчөдү. Айтыш өнөрүнөн баштап театр, опера менен балет, концерт, мюзиклдерге чейинки маданий иш-чаралар аншлаг менен өтүп, билеттер жетпей калган учурлар көбөйдү. Ошол эле учурда кыргыз өнөрпоздору өз чыгармаларын чет өлкөлөрдө да тартуулап, улуттук маданияттын аброюн эл аралык деңгээлде бекемдөөгө жетишти.
Өзгөчө акыркы убактарда коюлуп жаткан спектаклдерге жана улуттук филармониянын жаңы саамалыгы болгон мюзиклдерге билеттер калбай калууда.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы театралдык оюн-зоок мекемелери тарабынан жалпы 1 млн 454 миң 560 көрүүчү тейленип, жалпы коймолордун саны 3 530ду түзгөн. Анын ичинен 78и — жаңы спектаклдер, 30дан ашууну — концерттик программалар.

Ошондой эле жыл ичинде театралдык оюн-зоок мекемелери тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтардан алынган атайын каражаттардын көлөмү 154 млн 640 миң 572 сом болгон. Ошондой эле концерт жана спектакль коймолорунан түшкөн киреше 107 млн 397 миң 697 сомду түзгөн.
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору Кыргызбай Осмонов "Кабар" агенттигине билдиргендей, маданий мекеменин эң чоң жетишкендиктеринин бири — акыркы жылдары коюлуп жаткан мюзиклдер болууда. Атап айтканда, алар — "Раймалы менен Бегимай", "Жамиля" жана белгилүү актёр Сүймөнкул Чокморовдун урматына коюлган "Сүймөнкул" чыгармасы.
Алар кыргыз маданиятынын жана филармониянын тарыхында өзгөчө из калтыра турган олуттуу чыгармалар болду. Биринчи эки мюзикл Бишкек жана Ош шаарларында аншлаг менен өтүп, Москванын чоң концерттик залында үч жарым миң көрүүчүнү багындырды. Андан сырткары, коңшу Казакстандын Астана шаарында эки күн катары менен коюлду. Алматы шаарында казак боордошторго жана мекендештерге, жалпы 3 миң адамга тартууланды.

"Бул мюзиклдерди эл абдан кызыгуу менен кабыл алды. Бул жерде эмгек жамаатынын эмгеги чоң. Негизи эле бул жанр абдан татаал болуп саналат. Ага чоң оркестр, балеттик труппа, ансамбль, ырдай турган солисттер жана хор керек. Мисалы, "Раймалы менен Бегимайга" 200 артист, "Жамиляга" 106 артист жана "Сүймөнкулга" 216 артист катышты. Бул жерде чоң масса катышпаса болбойт. Бул өзгөчө түйшүктүү жанр", — деп белгиледи ал.
Директор кошумчалагандай, "Сүймөнкул" мюзикли элдин суранычы менен 21–24-апрелде кайрадан коюлганы жатат. Ал эми "Жамиля" 14–18-апрель аралыгында чыгармачылык сапар менен Азербайжандын Баку шаарына барат.
"Андан сырткары бизде өзгөчө репертуарларды жаратып жаткан эл аспаптар, эстрадалык-симфониялык, А. Жумакматов атындагы кыргыз симфониялык, камералык оркестрлери бар. "Эстебес" тобу, А. Үсөнбаев атындагы эл шайырлары топтору кызматта. "Акмарал" сыяктуу бий ансамблдери бар", — деди Осмонов.
Бир кезде спектаклдерге киши келбей калса, бүгүн адамдар билет издеп калышты. Ал арада мазмундуу спектаклдер коюлуп, көрүүчүлөрдүн купулуна толууда. Театр таануучу жана сынчы Жаныш Кулманбетов мунун биринчи себебин өлкөдөгү экономикалык өсүш менен байланыштырат.
Кулманбетов "Кабар" агенттигине билдиргендей, биринчиден, буга экономикалык жактан өнүгүү себеп.
"Адамдын курсагы тойгондон кийин гана оюн-зоокко кызыга баштайт. Элибиз бакубат жашоонун жолуна түштү. Негизи эле, биз Советтер союзунан кийинки жетишпеген жашоодон жогору көтөрүлүп чыктык. Бул көрүнүш, мисалы, Казакстан өлкөсүндө да ушундай. Экинчиден, элдин генетикалык өзгөчөлүгү болсо керек. Себеби кыргыз эли илгертеден оюн-зоокко, ырга жакын эл. Таланттуулар абдан көп. Чокан Валихановдун "кыргыз деген кызык эл экен, саламдашканда эле төгүп жиберет экен" дегенинде чындык бар. Жөндөмү бар эл өзү да кызыгып, берилип көрөт. Үчүнчүдөн, биз мааниси терең, сапаттуу чыгармаларды жаратууга өттүк. Менимче, бул дагы көрүүчүлөрдү өзүнө тартат. Театрга келип спектакль көргөндөрдүн санынын 60 пайызын жаштар түзүүдө", — деп билдирди ал.

Быйыл кыргыз театрына 100 жыл толууда. Анын башаты Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына туш келет. Бул мааракени театр мамлекеттик деңгээлде кеңири жана чоң салтанат менен белгилейт. Учурда ага карата өлкө ичиндеги жана сыртындагы маданий иш-чаралар башталды.
Жогоруда аталган жетишкендиктер өлкөнүн башка аймактарына да тийиштүү. С. Ибраимов атындагы Ош драма театрынын Бишкек шаарындагы театр жумалыгы көптөгөн көрүүчүлөр жана чоң ийгиликтер менен коштолду.