Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылып, Турукташтыруу фондунан каржыланууда. Министр Нурдан Орунтаев объекттеги курулуш иштеринин алгачкы этабы менен таанышты. Ал объект олимпиадалык талаптарга ылайык курулуп жаткандыктан, курулуш иштеринин сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуу зарылдыгын белгилеп, тиешелүү тапшырмаларды берди.
70 жылдык тарыхы бар спорт академиясында ишке ашырыла турган негизги иштер:
- Союз мезгилинен кийин пайдаланылбай калган бассейн калыбына келтирилип, үстү жабылган заманбап спорттук объектке айландырылат;
- Стадион капиталдык оңдоодон өткөрүлөт;
- Жаңы окуу корпустары, аудиториялар, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана санитардык-техникалык жайлар курулат;
- Аймак толугу менен көрктөндүрүлүп, заманбап инженердик коммуникациялар тартылат.
Белгилей кетсек, учурда аталган аймактагы эски имараттарды демонтаждоо иштери кызуу жүрүүдө.