Кыргызстан расмий түрдө глобалдык спутниктик интернет дооруна кирди. Дүйнөлүк гигант аталган SpaceX өлкөнүн бүткүл аймагында Starlink тармагын ишке киргизди. Ата мекендик алдыңкы оператор “ЭлКат” менен түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктүн аркасында жаңы муундагы жогорку ылдамдыктагы байланыш алыскы жана бийик тоолуу аймактарда да жеткиликтүү болду. Бул стратегиялык жетишкендик республиканын бардык булуң-бурчтарында билим берүү, медицина, бизнес жана туризм үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
“ЭлКат” компаниясынын маалыматы боюнча, бул окуя өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ. Кыргызстандын рельефи татаал жана тоолуу болгондуктан, буга чейин алыскы аймактарга салттуу була-оптикалык байланыш чубалгыларын тартууда кыйынчылыктар жаралып келген. Ал эми Starlink тутумунун ишке кириши санариптик теңсиздик маселесин түп-тамырынан бери чечмекчи.

Компания белгилегендей, орнотулган учурдан тарта долбоор толугу менен активдүү фазага өтөт: Кыргызстанда катталган бардык Starlink терминалдары эми расмий түрдө өлкөнүн санариптик мейкиндигине интеграцияланат. Бул абоненттер жергиликтүү кыргызстандык IP-дарекке ээ болуп, ал эми бардык интернет-трафик Кыргызстандын суверендүү трафиги катары спутниктерден түзүлүштөргө түз келерин түшүндүрөт.
“ЭлКат” ЖЧКсынын башкы директору Нурадил Баясов белгилегендей, Кыргызстанда Starlink тутумунун ишке кириши жөн гана технологиялык алдыга жылуу эмес, өлкөнүн алыскы аймактары үчүн чыныгы цивилизациялык бурулуш.
“Биздин башкы максатыбыз өлкө ичиндеги санариптик чек араларды жоюу. Эми ар бир тургун борбор калаада же бийик тоолуу жайлоодо болгонуна карабастан, бирдей сапаттагы санариптик мүмкүнчүлүктөргө ээ болот”, - деп билдирди Нурадил Баясов.

Туризм, социалдык объекттер жана аймактык бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
Эми дүйнөлүк деңгээлдеги глобалдык тармакка сапаттуу кошулуу мүмкүнчүлүгүнө төмөнкүлөр ээ болушат:
- Алыскы аймактардын жашоочулары: Алыскы жайлоолордогу малчылар, аймактардагы фермерлер жана чек арага жакын айылдардын жашоочулары дайыма байланышта болуу менен мамлекеттик кызматтардан онлайн пайдаланып, ишкердигин өнүктүрө алышат.
- Социалдык объекттер: Тоолуу айылдардагы мектептер, медициналык пункттар жана айыл өкмөттөрү чоң шаарлардын деңгээлиндегидей санариптик билим берүү жана телемедициналык мүмкүнчүлүктөрдү алышат.
- Туристтик жана рекреациялык борборлор: Өлкө аймагындагы туризмди дүйнөлүк тенденциялар менен жаңыланууларга шайкеш, заманбап деңгээлде өнүктүрүүгө шарт түзүлөт.
- Инвестициялык климат: SpaceX глобалдык тармагы менен интеграциялануу Кыргызстандын Борбор Азия чөлкөмүндө өнүгүп келе жаткан санариптик хаб катары позициясын бекемдейт.
“ЭлКат” компаниясы өзүнүн жаңы, заманбап дата-борборунда Starlink жабдыктарын орнотуу менен алдыңкы технологиялык инфраструктураны ыкчам долбоорлоп, ишке киргизди. Маалымат алмашуунун үзгүлтүксүздүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн “ЭлКаттын” адистери жогорку технологиялык иштердин бүткүл топтомун, анын ичинде ишенимдүү магистралдык байланыш каналдарын уюштурууну ийгиликтүү аткарышты.
Кыргызстандагы алгачкы мектеп Starlink тутумуна кошулду
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев видеоконференция форматында Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу Эңилчек айылындагы жалпы билим берүүчү мектепте жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернеттин иштешине расмий старт берген.

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, географиялык татаал шартка жана жердеги байланыш коммуникацияларынын жоктугуна байланыштуу бул окуу жайда буга чейин интернетке туташуу мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Эми Эңилчектеги бул мектеп өлкө боюнча Starlink спутниктик тутуму аркылуу интернетке туташтырылган алгачкы социалдык объект болуп калды.

Адылбек Касымалиев окуучуларды жана мугалимдерди бул маанилүү окуя менен куттуктап, мектепке колдоо көрсөтүү иретинде окуу классын жабдуу үчүн 5 заманбап компьютер тапшырды.
“Бүгүн биздин тоолуу республикабыздын эң алыскы аймактарында да алдыңкы технологияларга жол ачылууда. Бул жагынан алганда Эңилчек айылындагы мектептин интернетке туташтырылышы эң маанилүү кадам. Учурда өлкө боюнча жетүүгө кыйын болгон алыскы аймактарда интернетсиз 6 гана мектеп калды. Аларды сапаттуу жана туруктуу байланыш менен камсыз кылуу биздин кезектеги артыкчылыктуу милдетибиз жана бул маселе жакынкы аралыкта чечилет”, - деп билдирди министрлер кабинетинин башчысы.
Министрлер кабинети бүгүнкү күндө SpaceX тутумду ишке киргизүү үчүн мамлекеттин бардык талаптарын аткарган биринчи компания экендигин белгилешет. Ошондой эле өкмөт таза атаандаштыкты колдой турганын өзгөчө белгилейт: эгерде кайсы бир спутниктик интернет компаниясынын жабдыктары жана иш стандарттары Кыргызстандын коопсуздук жана сапат боюнча мамлекеттик талаптарына жооп берсе, алар үчүн да рынокко чыгууга эшик ачык.
Санариптик экономиканын өнүгүшү
Электрондук коммерция ассоциациясынын президенти Айбек Куреңкеев белгилегендей, спутниктик интернеттин өнүгүшү аймактык ишкерлерди жана адистерди онлайн-соодага, ошондой эле IТ-кызматтардын экспортуна тартуунун эсебинен Кыргызстандын санариптик экономикасынын өсүшүн тездетет. Анын айтымында, Кыргызстанда Starlink тутумунун ишке кириши өлкөнүн бардык аймактары үчүн санариптик мүмкүнчүлүктөргө тең укуктуу жол ачуу багытынан алганда маанилүү кадам болуп саналат.

“Спутниктик интернеттин өнүгүшү Кыргызстанда санариптик экономиканын жана электрондук коммерциянын инклюзивдүү өсүшү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Аймактардагы ишкерлер, өз алдынча иштеген жарандар жана жаш адистер онлайн-экономикага канчалык деңгээлде толук кандуу катыша алышса, өлкөнүн санариптик кызмат көрсөтүүлөрүнүн ички рыногу, электрондук соода жана санариптик сервистердин экспорту ошончолук тез өнүгөт”, - деп эсептейт Айбек Куреңкеев.