Бишкек, 26.05.26 /Кабар/. Америкалык SpaceX компаниясы дүйнөлүк интернет тармагын камсыздаган Starlink системасынын орбиталык топторундагы иштеп жаткан спутниктердин саны 10 миң 442ге жеткенин билдирди. Бул тууралуу Известия кабарлайт.
Компаниянын маалыматына ылайык, дүйшөмбү күнү орбитага чыгарылган жаңы аппараттардан кийин жалпы активдүү спутниктердин саны 10,4 миңден ашты. Ал эми 2019-жылдын май айынан бери жалпы 12 миңден ашуун спутник учурулган. Алардын айрымдары иштен чыгып же орбитадан түшүрүлгөн.
2026-жылдын башынан бери эле SpaceX 47 жолу Falcon 9 ракетасын учурган. Анын жардамы менен орбитага 1,1 миңден көп Starlink спутниги чыгарылган.
Келечекте компания жер жүзүнүн бардык аймактарын жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоо үчүн 12 миң спутниктен турган толук масштабдуу тармак түзүүнү пландоодо. Долбоорго жалпысынан 10 миллиард доллар инвестиция салынары айтылууда.
Учурда Starlink кызматы дүйнөнүн 160 өлкөсү менен иштеп, 10 миллиондон ашуун колдонуучуга жогорку ылдамдыктагы интернет жеткирүүдө.