Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында жол курулуш объектилеринде көчмө жыйын өткөрдү.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйынга аймактагы жол чарба мeкемелеринин жетекчилери катышты. Анда жолдорду өз убагында оңдоо, курулуш иштеринин сапатын камсыздоо, белгиленген мөөнөттөрдү сактоо жана техникаларды натыйжалуу пайдалануу маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында Тариэль Жаныбеков жооптуу жетекчилерге коюлган милдеттердин аткарылышын күчөтүлгөн көзөмөлгө алып, курулуш иштеринин сапаттуу жүргүзүлүшүн камсыздоону тапшырды.
Ошондой эле ал Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 91,7-чакырымындагы реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жеринде курулуштун сапаты жана аткаруу темпи бааланып, жооптуу кызматкерлерге иштерди тездетүү боюнча тапшырмалар берилди.
Мындан сырткары, министрдин биринчи орун басары Чолпонбай айылына алып баруучу унаа жолунун курулуш объектисинде болуп, долбоорду сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.