Токтогул суу сактагычынан 500 метрден ашык тор чыгарылды

Аймак Загрузка... 13 Июль 2026 12:15
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкеке, 13.07.26. /Кабар/. Токтогул суу сактагычында браконьерлерге каршы кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, министрликтин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын аңчылык боюнча егерь адистери тарабынан суу сактагычтын ичинен жалпы узундугу 500 метрден ашкан синтетикалык балык уулоочу торлор жана таштандыга айланган желим бөтөлкөлөр чыгарылды.

Мыйзамсыз пайдаланылган бул торлор белгиленген тартипте толугу менен жок кылынды.

"Мындай иш-чаралар суу сактагычтагы балык ресурстарын сактоо, мыйзамсыз балык уулоого (браконьерликке) бөгөт коюу жана экологиялык чөйрөнү таза кармоо максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет", - деп айтылат маалыматта.