Колдоо чаралары: Таиландда калып калган туристтерге жардам берилет

Дүйнө Загрузка... 03 Март 2026 09:50
WhatsApp Image 2026-03-03 at 08.49.36.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.03.26 /Кабар/. Таиланд чет өлкөлүк туристтерге убактылуу колдоо чараларын киргизди. Бул тууралуу Kazinform кабарлайт.

Маалыматта белгиленгендей, мейманканаларда арзандатылган тарифтер сунушталып, туристтерге суткасына 2000 бат (болжол менен 55 АКШ доллары) өлчөмүндө акчалай жардам берилет. Бир адамга карата жалпы төлөм 20 000 баттан (550 долларга жакын) ашпайт.

Таиланддын иммиграция кызматы аба мейкиндигинин жабылышынан улам өлкөдөн чыга албай калган чет өлкөлүктөр 30 күнгө чейин визасын узарта аларын билдирди. Бул үчүн каалаган иммиграция бөлүмүнө арыз берүү жетиштүү. Колдоо чаралары кырдаал турукташканга чейин күчүндө болот.

Таиланддын Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу жүздөгөн авиакаттамдар, анын ичинде Дубай аркылуу учкан каттамдар токтотулган. Айрым авиакомпаниялар каттамдардын санын кыскарткан. Өлкөдөгү төрт аэропортто убактылуу чектөөлөр киргизилген.