Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Таиландда окумуштуулар эң чоң динозаврды табышты, деп Reuters агенттигине шилтеме берип, Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, ал болжол менен 113 млн жыл мурун жашаган. Узундугу дээрлик 27 метрге жана салмагы 28 тоннага жетет.
Жаныбардын калдыктары Таиланддын түндүк-чыгышындагы Чайяпхум провинциясында табылган. Жергиликтүү тургун биринчи сөөк сыныктарын байкаган, андан кийин окумуштуулар калдыктарды бир нече жыл бою казып алышкан.
Изилдөөчүлөр омуртка, кабырга, жамбаш сөөктөрүн жана бут-колдун бөлүктөрүн, анын ичинде 1,78 метр узундуктагы ийин сөөгүн табышкан.
Мурда окумуштуулардын эл аралык тобу Кытайдын түндүгүндө жырткыч терропод динозаврынын калдыктарын тапканы кабарланган болчу.