Жаңыланган Талас: Шаардагы көп кабаттуу 70 үйдүн сырты жаңыртылууда

Аймак Загрузка... 15 Июль 2026 10:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Эрмат Жумаевдин социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 15.07.26 /Кабар/. Талас шаарында Эгемендүүлүктүн 35 жылдык мааракесин утурлай 70 көп кабаттуу үйдүн жана мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшүн жаңылоо жана оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.

Облус башчысынын айтымында, шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууга багытталган бул масштабдуу иштер мамлекет башчысынын түз тапшырмасы менен ишке ашууда.

"Бул иштер президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүүдө. Курулуш жана жаңылоо иштерине керектүү каражат мамлекеттик Турукташтыруу фондунан бөлүнүп берилди. Учурда бардык оңдоо иштери бекитилген пландын негизинде, өз убагында уланууда", - деди ал.