Таласта биринчи жолу 9 кабаттуу ипотекалык үйлөр курулууда

Коом Загрузка... 27 Март 2026 18:20
614916029_369006494.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Таласта биринчи жолу 9 кабаттуу ипотекалык үйлөр салынып жатат. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул аракеттер адистердин жетишсиздигин жоюуга жана шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган. Учурда Хан-Теңири кичи районунда 9 кабаттуу 9 үй курулуп жатат.

"Бул 9 кабаттуу үйлөр биздин облустун тарыхында биринчи жолу курулууда. Себеби, буга чейин 5 кабаттуу гана имараттар курулуп келген. Мына эми Таласта биринчи болуп 9 кабаттуу үйлөр түшкөнү турат. Бул облуска жаш кадрлардын келишине, шаарыбыздын өсүп-өнүгүшүнө бир топ ыңгайлуу шарттарды жаратат. Өзгөчө медицина жана билим берүү тармактарына адистердин тартылышына жакшы өбөлгө болот деп эсептейм", — деди Эрмат Жумаев.

Мындан тышкары, облустагы курулуш иштери боюнча төмөнкүдөй маалыматтар берилди:

  • Жакынкы арада дагы 5 кабаттуу 5 үй курула баштайт;
  • Учурда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган 5 кабаттуу 10 үй даяр болуп калды.