Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Талас облусунда 60 жаштан жогорку курактагы тургундар үчүн акысыз медициналык кароо кайрадан өткөрүлөт.
Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, "ҮЗҮР" коомдук кайрымдуулук фонду медициналык кароонун үчүнчү этабын уюштурууда. Иш-чара облустук саламаттык сактоо борборунун демилгеси жана "Альянс Алтын" компаниясынын каржылык колдоосу ишке ашууда.
Ага Бишкек шаарынан атайын чакырылган тажрыйбалуу дарыгерлер катышып, бейтаптарды акысыз текшерүүдөн өткөрүп, керектүү кеңештерин беришет.
Медициналык кароонун графиги жана дареги (убактысы: 08:00–17:00):
- 18-19-июль: Манас району, Семетей айылы, №1 Үй-бүлөлүк дарыгер тобунун имаратында;
- 20-23-июль: Айтматов району, Кызыл-Адыр айылы, Жалпы дарыгерлик практика борборунун имаратында.
Акысыз кароого катыша турган адистердин так курамы жана кабыл алуу тартиби тууралуу толук маалымат жакынкы аралыкта кошумча жарыяланмакчы. Уюштуруучулар облус тургундарын бул маалыматты кары-картаңдар жана жакындары менен бөлүшүүгө чакырат.