Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) Ысык-Көлдө алгачкы бизнес-борбору ачылат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бизнес-борбордо финансылык-инвестициялык аймактын башкаруучу компаниясынын кеңселери жайгашат. Ошондой эле көп функционалдуу конференц-залдар болот. Жакынкы убакта объекттин аймагында ресторан жана кафе ачылат.
“Тамчы” АФИАнын бизнес-борборунун ачылышы аймактын реалдуу операциялык ишмердүүлүгүнүн башталышы. Биз КМШ өлкөлөрүнүн, Азиянын, Жакынкы Чыгыштын, Европанын жана Африканын рынокторунун ортосунда финансылык жана логистикалык көпүрөлөрдү куруп жатабыз. Бүгүн ошол көпүрөнүн алгачкы дареги пайда болду жана бул жерде алгачкы резиденттерди кабыл алууга активдүү даярдык жүрүп жатат”, - деди “Тамчы” АФИАны башкаруу боюнча кеңештин төрагасы, юстиция министри Аяз Баетов.
Бизнес-борбор ачылганга чейин аз убакыт мурда АФИАны башкаруу боюнча кеңеш башкаруучу компанияны түзүп, финансылык борборду өнүктүрүү планын бекитти жана ченемдик укуктук документтердин алгачкы пакетин кабыл алды. Ошол эле учурда Эл аралык талаш-тартыштарды чечүү борборунун төрагасын жана судьяларын тандоо иши жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы былтыр түзүлгөн. 2035-жылга чейин аймакта 3 900дөн ашык компанияны жайгаштыруу жана 10 миңден ашык жумуш ордун түзүү пландалууда.