Бишкек, 30.03.26 /Кабар/. Танзаниянын түштүгүндө катуу жааган жаандын кесепетинен болгон жер көчкү кеминде 20 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.
Маалыматка ылайык, табигый кырсык турак жайларды кыйратып, инфраструктурага да олуттуу зыян келтирген. Жер көчкү катталган Рунгве районунун бийлиги каза болгондор арасында кичинекей бала да бар экенин тастыктап, курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертти.
Учурда кооптуу аймактарда жашаган тургундарга коопсуз жерлерге көчүү сунушталууда. Анткени синоптиктер жакынкы күндөрү дагы жаан-чачын уланарын божомолдошууда.
Белгилей кетсек, акыркы убактарда нөшөрлүү жамгырлар Чыгыш Африканын башка өлкөлөрүндө да адам өмүрүн алган. Мисалы, Кенияда кеминде 88 адам, ал эми Эфиопияда 100дөн ашуун адам каза болгон. Адистер буга чейин март айынан майга чейин созулган жаанчыл мезгилде жаан-чачын нормадан көп болушу мүмкүн экенин эскертишкен.