Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Лянги/тепүк федерациясынын артыкчылыктуу максаттарынын бири - бул дисциплинаны мектептердин жана жогорку окуу жайларынын билим берүү системасына интеграциялоо. Бул тууралуу федерациянын президенти Болотбек Марипов "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, федерация буга чейин Ж.Баласагын атындагы КУУ жана Туризм академиясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол койгон.
“Мектептин окуу планы боюнча биз Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык дене тарбия методикалык борбору менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бизге пилоттук мектептер менен иштөө мүмкүнчүлүгү сунушталды. Долбоордун масштабдуу болушу үчүн бизге №2 мектептин 4-классынын окуучусу Жылдызбек Саадабеков Кыргызстандагы балдар тепүгүнүн амбассадор болду. Биз бул билим берүү мекемеси биринчи пилоттук аянтчабыз болот деп эсептейбиз”, - деп айтты Марипов.
Мындан тышкары, федерациянын жетекчиси президент Садыр Жапаровго кайрылып, министрлер кабинетине тиешелүү мекемелер менен биргеликте төмөнкүлөрдү тапшырууну суранды:
- Кыргызстандын жалпы билим берүү мектептеринде “тепүк” сабагын киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу;
- мугалимдер үчүн методикалык базаны жана сертификациялоо системасын иштеп чыгууну камсыз кылуу.