Тиш дарыгерден акысыз кеңеш алыңыз. 25-мартта республикалык акция өтөт

Ден соолук Загрузка... 04 Март 2026 18:45
unnamed.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. 25-мартта "Ооз көңдөйүнүн саламаттыгы" аталышындагы республикалык акция өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкары башкы стоматологу Гүлмайрам Ибраимова билдирди.

Анын айтымында, акция 20-март - Бүткүл дүйнөлүк ооз көңдөйүнүн саламаттыгы күнүнө карата уюштурулууда.

"Алгач акция жеке тиш ооруканаларынын катышуусунда гана өтүп келсе, акыркы эки жылдан бери мамлекеттик ооруканалар дагы активдүү катыша баштады. Бул күнү кыргызстандыктар саат 09:00дөн 16:00гө чейин тиш ооруканаларына келип, кеңеш алып кетишсе болот.

Анда дарыгерлер тишке кам көрүү, туура тамактануунун маанилүүлүгү, тиш ооруларын алдын алуу жана ооз көңдөйүнүн саламаттыгы боюнча кеңештерди беришет", - деди ал.