Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата 450 миңден ашык жарандын салыктык карызы бар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, көптөгөн жарандар салык төлөөгө кайдыгер карап, жоопкерчиликсиз мамиле кылуу менен төлөмдөрдү кечиктирип келишет. Ушуга байланыштуу жыл башынан тарта жаңы эрежелер күчүнө кирди.
“1-январдан тартып жаңы тартип киргиздик. Эгерде жарандын салык карызы болсо, биз үч жолу билдирүү жөнөтөбүз: СМС билдирүү, жашаган дарегине кат жана электрондук кабинетине билдирүү барат. Төлөө үчүн 30 күн убакыт берилет. Эгер бул мөөнөттө төлөнбөсө, дагы бир ай убакыт берилип, жагдай такталат. Ошондо да салык төлөнбөсө, биз карызды анын банктык эсебинен түз алып коюуга укуктуубуз”, — деди Шыкмаматов.
Ошондой эле ал дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин бардыгы ушул ыкманы колдонушарын жана бул тартип салыктык тартипти бекемдөөгө жардам берерин кошумчалады.